Улуттук илимдер академиясына кандай реформа керек?

Сүрөттүн булагы, b
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Кыргызстанда Улуттук илимдер академиясынын тагдыры кызуу талкууга алынууда. Өкмөттүк жумушчу топ Өкмөт алдында илимди өнүктүрүү боюнча фонд түзүү идеясын жана башка ар кандай сунуштарды карап жатат.
Кыргызстандагы илимпоздор бир мекемеге чогулбай эркин болуш керек. Алар айлыктын көзүн карабай, атаандаштык шартында жасай турган эмгеги үчүн өкмөт алдындагы фонддон каражат алса дурус болот. Бул - Кыргызстандын илим тармагын, анын ичинде илимий институттарды өзгөртүү багытында айтылган сунуштардын бири.
Башкача айтканда, Улуттук илимдер академиясы сыяктуу илим изилдөө институттарын жоюу пикири ортого салынууда. Жумушчу топ өзүнүн изилдөөсүндө илимге андай мекемелерге караганда университеттер көп салым кошуп жатканын билдирүүдө.
Илим тармагын реформалоо боюнча түзүлгөн топтун жетекчиси, вице-премьер министр Элвира Сариева өкмөт алдында фонд түзүлсө, каражат айлык акыга эмес, ачылыштарга кетмек дейт.
“Мыйзам боюнча биздин фонд түзүүгө акыбыз бар. Өлкөдөгү илимпоздор ошого кайрылып эмгектерине акча алса болот. Андан сырткары илимий институттарга тиешелүү жабдыктар, имараттар ачык колдонулуш керек”, - деди Сариева.
Бирок жумушчу топтун мүчөсү, өкмөттүн билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Абдиманнап Муратов Улуттук илимдер академиясын жоюп салуу пикиринен карманып турат.
“Жумушчу топ президенттин алдындагы коомдук кеңештин сунуштары боюнча иш алып барып жатабыз. Анда башка дагы ар кандай бөлүмдөр бар. Мисалы, илимдер академиясын коомдук кылуу тууралуу айтылган. Андан сырткары илимдин кандидаты, доктору деген наамды эл аралык стандартка ылайык PhD сыяктуу кылып өзгөртөбүз деген ойлор бар. Бирок булардын баары сунуш гана. Аларды кабыл алабызбы, албайбызбы, биздин өнүгүү шартыбызга туура келеби же келбейби, карап көрөбүз”, - деген оюн билдирди Муратов.
Улуттук илимдер академиясы мамлекеттен бөлүнгөн каражатты актабай жатканы көптөн бери талкуу болуп келет. Академиктер өз кезегинде илимий ачылыштарды, изилдөөлөрдү көп жасаш үчүн мамлекет акча бөлбөгөнүн айтууда.
Бюджеттен жылына бөлүнгөн 250 миллиондой сомдун дээрлик баары илимпоздордун айлыгына гана кетээри белгиленүүдө. Ушул маселеден улам илим изилдөө институттарын жоюу, Улуттук илимдер академиясын коомдук кылып түзүү сунуштары пайда болду. Илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев башка илимпоздор сыяктуу буга каршы.
“Коомдук кылуу же конкурстук негизде түзүү пикири айтылды. Бирок мына коңшу Казакстан да он жылча мурун ушул нерсени кылып, азыр окумуштууларын кайра чогулта албай жүрөт. Түркмөнстан да илимдер академиясын коомдук кылган, азыр кайра мурункудай кылып түздү”, - деди Арабаев.
Академиктер илимге бөлүнгөн Кыргызстандын ички дүң продуктусунун 0,4 пайыз каражатын аз деп, башка өлкөлөр сыяктуу төрт пайызга чейин бөлүнсө жыйынтык болорун белгилешти.





























