Кыргызстан: ача туяктуу жаныбарларды атууга тыюу салуу

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Кыргызстандагы аңчылык кызматкерлери жергиликтүүлөрдү ача туяктуу жаныбарларга мергенчилик кылууга чектөөлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жакында өлкөнүн көптөгөн аймактарында ача туяктууларга аңчылык кылууга эки жылга тыюу салынып, мыйзамды бузгандарга чоң суммадагы акчалай жазалар киргизилген. Парламентте ушул тапта чектөөнүн мөөнөтүн узартуу долбоору сунушталып жатат.

Нургазы Баткендеги Аңчылык департаментинин кызматкери. Ал дем алыш күнү Рават айылындагы тоого чыгып, кийик, теке атууга келген мергенчилерди аңдып жүрөт. Алардын тоого келээрин бирөөлөрдөн уккан экен. Мергенчилерди кармап, мыйзам чегинде жоопко тартканы жатам дейт ал:

“Бүгүн тоого мергенчилер келээрин тааныштар мага телефондон кабарлашты. Эрте мененки төрттөн бери тоодо жүрөм. Кийиктерди атууга келгендерди таппай, тоого көз салып отурган учурда, эки жолу мылтыктын тарсылдаганы угулду. Дароо дүрбүмдү алып, үн чыккан тарапты карасам, эки адам ылдый көздөй баратат. Алыс болгондуктан, аларды кармай албай калдым".

Бирок бул багытта жалгыздап иш алып баруудан майнап чыкпайт. Анткени жаныбарлардын азайышы, айрымдарынын тукум курут болуу коркунучу бүтүндөй өлкөнүн көйгөйү дешет адистер. Ушуга байланыштуу август айында парламент айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда бир нече район-шаарлардын жергиликтүү тургундарына ача туяктууларга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Ача туяктууларды атууга чет элдиктерге уруксат берилген

“Кыргызстандагы бир катар облус, райондордогу жергиликтүү тургундарга, анын ичинде аркар-кулжа атууга ышкыбоз мергенчилерге тыюу салынды. Маселен, Ысык-Көл облусунун бардык райондорунда, Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда, Чүй облусунун үч районунда, Таластын эки, Жалал-Абаддын үч, Оштун үч, Бактендин бир районунда ача туяктууларга аң уулоого тыюу салынды", - деди Мамлекеттик аңчылык департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Мусаев.

Мыйзам долбоорунда ача туяктууларды атууга жергиликтүү тургундарга гана тыюу салынат деп жазылганы менен чет элдиктерге уруксат берилген. Анткени Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн аңчылыгы менен жан баккан айылдар бар. Андан сырткары бул кирешелүү тармактардын бири. Алсак, өткөн жылы Мамлекеттик аңчылык департаменти чет өлкөлүктөрдүн аңчылык кылуусунан 3 млн. сом каражат тапкан. Чет элдиктерге уруксат берүүнүн башка себебин Мусаев мындайча түшүндүрдү:

Учурда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда аңчылык кылууга таптакыр тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам табиятка аяр мамиле кылууга, жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого багытталган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда аңчылык кылууга таптакыр тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам табиятка аяр мамиле кылууга, жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого багытталган

“Чет элдиктер үчүн тыюу салбай тууруну алар менен иштешкен аңчылык чарбалары суранып, бизге кайрылып жатат. Анткени чет өлкөдө январь, февраль, март айларында өткөн атайын мергенчилердин туристтик көргөзмөлөрүнө катышкан кыргызстандыктар көп экен. Алар көргөзмө учурунда көптөгөн туристтерге жолдомолорду сатып, акчаларын алып келишкенин айтышты. Жабылып калса көп чыгымга учурап, ишибизге тоскоолдук жаратышы мүмкүндүгүн эскертишкен. Бир чети буларды да эске алдык".

Айлана-чөрөнү коргоо боюнча мыйзамдын акыркы өзгөртүүлөрүнө ылайык, ача туяктууларга, аркар-кулжаларга мергенчилик кылгандарга тыюу салынып, алды 500 миң сомго чейин айып пул төлөтүлөт.

Ушул жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сары-Челек коругунда аюуну атып алган жаран кармалып, жарым миллион сом айып пул төлөгөн. Көп өтпөй Жети-Өгүздө кулжанын эти менен кармалган жаран мыйзам чегинде жоопко тартылган эле.

Учурда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда аңчылык кылууга таптакыр тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам табиятка аяр мамиле кылууга, жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого багытталган.