Казакстанда кырсыктаган балдардын алды Бишкекке келди

Балдар түшкөн автоунаа түн ичинде жолго чыккан, аны МАИ кызматкерлери коштоп жүргөн эмес. Ошол себептүү айдоочу көзү илинип кетип, автобус жолдон чыгып, эки-үч жолу аңтарылып кеткен. Натыйжада бир кыздын омурткасы, эки кыздын буту сынган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдар түшкөн автоунаа түн ичинде жолго чыккан, аны МАИ кызматкерлери коштоп жүргөн эмес. Ошол себептүү айдоочу көзү илинип кетип, автобус жолдон чыгып, эки-үч жолу аңтарылып кеткен. Натыйжада бир кыздын омурткасы, эки кыздын буту сынган
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Казакстанда жол кырсыгына кабылып жаракат алган балдардын экөө Бишкекке алып келинди. Алар Алматы аэропортуна учак менен, андан ары тез жардам унаасы менен Бишкекке жеткирилди. Казакстандагы кыргыз диаспорасы Актау облусунда калган кыз балдарды Бишкекке жеткирүүнүн камын көрүүдө. Ал ортодо Бишкекте балдардын чет өлкөгө сапарын уюштурган адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе коюлууда.

Казакстанда жол кырсыгына кабылып жаракат алган он жети жаштагы бийчи кыз Мединаны атасы Казакстандан Бишкекке алып келип, ооруканага текшертүүдө. Мадинанын сол кулагы айрылып, желкесинен катуу жаракат алган.

“Биз баарыбыз уктап жатканбыз. Көзүмдү ачсам, жолдо жатыптырмын. Такси айдоочулары маршруттан чыгуубузга жардам берген окшойт. Бизди жакын жердеги медициналык жайга жеткиришти. Андан кийин мени атам Бишкекке алып келе берди. Ал жерде болсо учурда он үч бийчи, үч жетекчиси жатат. Арасында абалы оорлор да бар, бирөөсүнүн буту сынган, көздөрү, башынан жаракат алгандар бар. Ошентсе да жакшылап медициналык жардам бербей жатышат. Шаардык ооруканага алып барышты, баарыбызды жакшы экенсиңер деп, көңүл бурушкан жок”, - деди Медина.

Кыргызстандын бийчилери Түркмөнстанга эл аралык “Аваз” ыр-бий фестивалына катышып келе жатып, Казакстандын Жетыбай – Курык унаа жолунда 17-августка караган түнү кырсыкка кабылышкан.

"Уйкуга мас айдоочу"

“Казинформ” тараткан маалыматка караганда, 18 адамды ташыган унаанын ээси уктап кетип, унаа трассадан чыгып барып, оодарылып кеткен. Натыйжада бир кыздын омурткасы, эки кыздын буту сынган. Ал эми Медина жана анын атасынын версиясы башкача:

“Айдоочу жаш экен, чөнтөгүнөн тамеки алып чеккени жатканда машине жолдон чыгып, оодарылып кетиптир. Анын үстүнө начар жолдо катуу айдап бараткан эле.

Баарыбыз ата-энебиздин каржылыгы менен бардык. Мен фестивалга катышууга он алты миң сом короттум. Ошондуктан азыр Казакстанда жаткан бийчилердин айрымдарынын Бишкекке келүүгө каражаты жок”, - деди бийчи кыз.

Кыргыздардын “Манас” ассоциациясынын жетекчиси Шавкат Исмаилов бүгүн кечинде дагы бир кыргызстандык өспүрүм өлкөсүнө кайтат деп билдирди.

Ал ортодо Бишкекте балдардын чет өлкөгө сапарын уюштурган адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе коюлууда. Маалыматка караганда, Түркмөнстанга фестивалга барган балдарды жолдо алып жүрүүдө коопсуздук чаралары одоно бузулганы жөнүндө сөз болууда.

Казакстанда кырсыктаган өспүрүмдөрдүн ата-энелери "балдар түшкөн автоунаа түн ичинде жолго чыккан, аны МАИ кызматкерлери коштоп жүргөн эмес, ошол себептүү айдоочу көзү илинип кетип, автобус жолдон чыгып, эки-үч жолу аңтарылып кеткен", деп бул турду уюштургандарга доомат коюшууда.

Бийчилерди фестивалга жеткирүү, алып келүү иштерин уюштурган “Тагдыр, мезгил, жашоо” коомдук фондунун төрайымы Мира Токтогонова кырсык үчүн бийчилердин жанында жүргөн жетекчилер жоопкер деп айтууда:

“Жетекчилер биз жалдаган автобуска отурбай, өздөрү кичи автобус жалдап алып, жолун улантышкан. Биз аны кийин билдик. Бийчилердин жетекчилери бажы бекетине келгенде гана башка транспортко түшүп алганын айтышты. Ушул себептен жетекчилер бул кырсыкка жоопкер. Бишкектеги ата-энелер мага чалып, айрымдары УКМКданбыз деп коркутуп жатышат. Биз баарын туура уюштурганбыз”, - деди Токтогонова.

Учурда айрым кырсыктаган кырсыктагандардын абалы оор. Алардын үчөө эртең Бишкекке учуп келишет деп Тышкы иштер министрлиги билдирүүдө. Калган он үч жаран поезд аркылуу мекенине кайтканы турат.