Кыргыздын бий өнөрүн өнүктүргөн талант менен коштошуу

Сүрөттүн булагы, b
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Кыргызстанда белгилүү балетмейстер, улуттук “Ак марал” бий ансамблинин жетекчиси Мелис Асылбашевдин сөөгү жерге берилди. Ал кыргыз бийин өнүктүргөн жана көптөгөн бийчилерди тарбиялап чыккан адис катары таанымал. Жакындары Асылбашевди коомчулукка көп көрүнө бербеген, жөнөкөй инсан катары эскеришүүдө.
“Ак марал” бий ансамбли менен кыргыз бийин ондогон өлкөлөрдү кыдырткан Мелис Асылбашев эмгегин опера жана балет театрынан баштаган. Ленинграддагы бий окуу жайын бүтүп келгенде эле ал жакка алынган.
-Койгон бийлери, биз билип жүргөн ансамбль анын талантынын бир эле тарабы. Бизге ачылбай калган таланты – балет. Ал негизи балеттин кишиси болчу. “Ак куу көлү”, “Жизель, “Шопениана”, “Кармен-Сюита” деген балеттерде ойногон. Акыркы жолукканыбызда кыргызча ырдап берген. Балеттеги адамдар кыргызча жакшы сүйлөй албайбыз, менин сөзүмдөн деле байкап жатпайсызбы. Ал киши кийинки учурларда кыргызча сүйлөп, кыргыз тили, маданияты деп аябай күйүп калган",- дейт маркумдун опера жана балет театрындагы кесиптеши Самарбек Кадыркулов.
Мелис Асылбашев 1982-жылдан бери “Ак маралды” жетектеп, жүздөгөн бийчилерди окутту. Чыгармалар менен кыргыз бийине жаңы өң кошту. Дүйнөнүн башка бийлерин бийлешти. Топтун кыздары агайын атасындай көрөөрүн айтып отурушту.
Алардын бири “мындай адам дүйнөдө кайра кайталанбайт деп ойлойм. Үйүндөгү иштери, маселесин таштап филармонияга жүгүрүп келчү. Менимче жумушун үйүндө да ойлонуп уктаса керек. Кыргызстанда кандай гана концерт болбосун жан дили менен иштейт эле. Ошондуктан абдан жоопкерчиликтүү адам катары эсимде калат”,- десе, экинчиси “биздин топ бий тобу деп айтылган менен бул өзүнчө мектеп эле. Агайдан биз турмушка керектүү сабак алдык. Андан адамгерчилик, жашоо жагынан көп нерсе үйрөндүк”, - дейт.
Асылбашевдин жакындары болсо боорукер, ак көңүл, жөнөкөй деген сапат ушул кишинин аты менен айкалыш дешет. Балдызы Алтындын айтымында, ал "жакшы бир тууган, камкор ата болчу, абдан жөнөкөй эле":
"Асылбашев дегенде мен кыргыздын бирден бир бий чокусунда турган адамы беп билем",-дейт Алтын.
Бийчилерге көңүл бурулса, жаш профессионал бийчилер сыртка агылбаса, билгенибизди муундан муунга өткөрүп берүү мектеби бекем түзүлсө деген Мелис Асылбашевдин бул багытта дагы максаттары көп эле.
67 жашында каза болгон балетмейстердин артында эки уул, бир кызы калды. Кызы да бийчи болуп, бир уулу музыка тармагын тандаган. Балетмейстердин сөөгү 18-августта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.





























