Саясатташкан сот иштери боюнча чечимдер чыкты
Бишкекте Октябрь райондук соту Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловду жана анын менен кошо соттолуп жаткандарды таптаза актаган чечим чыгарды.
Жер мыйзамдарын бузду деп айыпталып жаткан мурдакы мэр Өмүркуловдун адвокаты Сергей Слесарев Би-Би-Сиге бул жерде эч кандай кылмыштын белгиси жок болгон үчүн сот актаган чечим чыгарды деп билдирди.
"Мен юрист катары бир эле сөздү айтам: соттук териштирүүнүн жүрүшүндө эч кандай кылмыш жок экени баарына белгилүү болду", дейт Сергей Слесарев.
Башкы прокуратура Иса Өмүркулов мэр кызматында турганда Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынын ичинен 16 гектар жерди мыйзамсыз азайтып, ал жерлерге курулган кафе-ресторандарды мыйзамсыз легалдаштырып жиберген деп айып коюп, мурдакы мэрди сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасын сураган.
Бүгүн коомчулуктун көңүл чордонунда турган дагы бир иш боюнча сот чечими чыкты. Ири коррупциялык ири иштер боюнча соттолуп жаткан ЖКнын депутаты Акматбек Келдибековго сот чет өлкөгө барып дарыланып келүүгө уруксат берди. Ал дарыланып келгиче сот иши токтоп турмакчы.
Байкоочулар Келдибековдун дагы, Өмүркуловдун иши дагы абдан саясатташып кеткен үчүн объективдүү каралышы кыйын болуп жатканын белгилешүүдө.
Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарууну оппозициялык күчтөр менен парламенттеги бир катар депутаттар кайта-кайта талап кылып келишти. Ошол эле учурда оппозиция бийликти коррупцияга каршы күрөштө өз жана жана жат деп бөлүп, ошол себептүү Өмүркуловду калкалап жатат деп сынга алууда. Ошондой саясатташкан иштерди кыргыз элитасы жең ичинен сүйлөшүп чечип жаткан сыяктанат.
"Чоң-чоң корпоративдик топтор бар. Аларга тийсең эле алар кайра өзүңө асылып, бир туюкка кептелген кырдаал түзүлүүдө. Ошондуктан элиталар тымызын сүйлөшүп, бир консенсустук бүтүмгө келип жатышат", -дейт Марс Сариев.
Президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөш өз жана жат деп бөлүп-жаруу менен жүрүп жатат деген айыптоолорду негизсиз деп четке кагып келатат. Мамлекет башчы оппозициядагы партиялар талапкерлердин тизмесине кыңыр иштери бар саясатчыларды кошуп жибергени үчүн күнөөнү өздөрүнөн көрсүн деп айткан жообу бар.




























