Кыргыз-тажик чек ара маселесинде тил табыша албады

Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнү менен баары бир чек ара, жол маселелеринде тил табышуу аракети болбой жатат дейт байкоочулар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнү менен баары бир чек ара, жол маселелеринде тил табышуу аракети болбой жатат дейт байкоочулар
Published

Бишкекке иш сапары менен келген Тажикстандын тышкы иштер министрин бүгүн өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугушуу өттү. Эки өлкө ортосунда соңку учурда чек ара маселелери курчуп, ок атышуулар орун алды. Расмий жолугушууларда дал ушул маселе көтөрүлдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев эки тараптуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, ушул жылга карата кызматташтык программасына кол коюлганы менен, кыргыз тараптын расмий Тажикстанга жолдогон суроолору жоопсуз калганын айтты:

“Жолугушуу учурунда чек арадагы көйгөйлүү маселелердин баарын сүйлөшүүгө жетиштик. Бирок бардык маселелерге жооп беришкен жок. Тажик чек арачылары эл аралык укуктарды бузуп, ушуну менен экинчи ирет чек ара штатында болбогон куралдарды колдонгону тууралуу тажик расмийлерине түшүндүрмө берүү талабы коюлду”.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов өз кезегинде чек арадагы соңку кырдаал 10-июлдан бери курчуп кеткенин айтып, Кыргызстандын тажик бийлигинен талап кылган маалыматтарына жакынкы күндөрү жооп берилерин айтты.

“Чек арадагы соңку кырдаалга өкүнүп турам. Анткени бейкүнөө адамдардын каны төгүлдү. Мындай болбошу керек эле. Жакынкы күндөрү чек ара маселелери чечилип, мындан ары эки элдин ортосунда келишпестик жаралбайт деп ишенем. Учурда Тажикстан чек ардагы эки жолдун курулушуна тең каршы эмес. Жолду куруу үчүн биз 99% даярбыз. Курулушту азыртан баштай бергилде десек, кыргыз тараптын жол курууда бираз көйгөйү бар экен”, - деди Тажикстандын тышкы иштер министри.

Бүгүн тажик министрин президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алды. Анда президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маселелерди чечүүдө адилеттүү мамиле жасалышы керектигин белгиледи.

Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын тышкы иштер министри: тажик чек арачылары эл аралык укуктарды бузуп, ушуну менен экинчи ирет чек ара штатында болбогон куралдарды колдонгону тууралуу тажик расмийлерине түшүндүрмө берүү талабы коюлду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын тышкы иштер министри: тажик чек арачылары эл аралык укуктарды бузуп, ушуну менен экинчи ирет чек ара штатында болбогон куралдарды колдонгону тууралуу тажик расмийлерине түшүндүрмө берүү талабы коюлду

Тажикстандын тышкы иштер министри Кыргызстан менен Тажикстандын соода-сатык алакалары гана эмес, тарыхый байланыштары да бекем экенин белгилеп, бул кызматташтык уланат деп айтты.

Эгемендик жылдардан бери эле бекем алакаларды жүргүзүп келаткан эки кошуна өлкө ортосундагы бирден бир чечилбеген маселе бул - чек ара көйгөйү. Соңку учурларда ок атышуу менен коштолгон окуялар катталгандан кийин тараптар бири-бирине бир нече жолу нааразылык ноталарын жолдоп, бири-бирин күнөөлөп келатат.

Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнү менен баары бир чек ара, жол маселелеринде тил табышуу аракети болбой жатат дейт байкоочулар.