Ош: суу чарба кызматкерлери иш таштоодо

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Кыргызстандын Ош аймагындагы суу чарба тармагынын кызматкерлери айлык акыны көтөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. 1500-3000 сом тегерегинде айлык алып иштеген кызматкерлер өкмөт бул тармакты унутта калтырды деп сындашууда.
Быйылкы жылы кургакчылык болуп өлкөдө суугат суу таңкыс болуп, иш күчөп турган учурда чыгып, алар бийликтин көңүлүн бурдурууга аракет кылууда.
“Суу аз барып калса, же жетпей калса бизге элдин баары ачуусу келип, заматта жетип келишет. Ал эми айлыгың кандай деп сураган жан жок-дейт өзүн Касымбек Тургунбаев деп тааныштырган киши.-500 гектаржер сугарабыз. Жумушта түйшүк көп, тапкан айлыгың кара жанды бакканга да жетпейт. Мындай аз айлыкка жаштар барбай бүт пенсия курагына келип калган карыя кишилер иштеп жатабыз”.
Соңку жылдары бул маселени бир топ ирет көтөрүп, кайрылууларды жазышкан. Бирок айлыкты көтөрүү убадасы аткарылбай эле келатат-дейт профсоюз уюмунун төрагасы Байыш Алишеров.

-Райондук чарбаларда бул тармакта иштеген кишилер азайды. Адистер кетип калып жатышат. Булар эми таштоого чыгабыз деп жатышат. Көптөн бери эле бул маселени айтып кайрылып келатабыз. Бирок убада кылып эле келатышат, азыр эми 50% көбөйтөбүз дейт. Болсо 3 миң болот экен, ал эмнеге жетет. Азыр өлкөдө орточо айлык акы 9 миңдин тегерегинде болуп жатса.
Аймакта суу чарба тармагында 600дөн ашуун киши эмгектенет. Сугат мезгили күчөп турган учурда айрым кызматкерлер нааразылык акциясына келбей дале иштерин улантып жатканын айтышты. Өкмөт көңүл бурбаса иш таштоого барабыз дейт кызматкерлер. Суу чарба башкармалыгынын кызматкери Мыскал Арзибаеванын айтымында, айлык акынын өтө эле төмөндүгүнөн жогорку билимдүү адистер дээрлик келбей коюшкан.
-Мурда жогорку билимдүү адистер 70%ды түзчү, азыр тескерисинче. Бүт эле өз алдынча өздөштүрүп алган практиктер иштейт. Жаштар келбейт экен да бул айлыкка. Айрымдар күлүп кетишет ушул акчага да иштейсиңерби деп.
Ош облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Абибилаевдин айтымында агрардык эсептелген өлкөдөгү мындай абал тынчсыздануунун жаратууда.
-Суу чарбасын түшүнгөн адистердин жоктугу иштин сапатына да чоң таасир этет. Айлыктын аздыгы эле көп нерсеге себепкер экен да. Мына бир айдан бери суугат суунун таңкыстыгынан түнкү смена менен да иштеп жатышат. Айлык-акынын аздыгын даттанып келгендер көп.
Кыргызстанда көпчүлүк бүлөөлөр дыйканчылык менен тиричилик өткөрөт. Сугат суу маселеси өлкөнүн бардык эле аймактарындагы көйгөйлүү маселе. Жакында эле Кыргызстандын суу чарба департаменти өлкөдөгү суу сактагычтарда суу запасынын 30 пайызы гана калганын билдирип, бул жагдайды кургакчылык менен түшүндүргөн. Учурда сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн бардык аймактарда атайын аракеттер көрүлүп жатканы кабарланган эле. Бирок ошол эле учурда бул тармактын өзүнө, кызматкерлердин айлык-акысына да көңүл бурбаса арты оор жагдайдарга алып келет деп айтылууда.





























