Бешимов: тажик тарап аткылоосуна түшүндүрмө бериши керек

Аскар Бешимов, Тышкы иштер министринин орун басары: Артиллерия колдонуу – оңой нерсе эмес. Аны дароо колдоно койбойт, алдын ала камданып, кайсы жердин аткыланаары караштырылат. Ошондуктан муну тажик тараптын түшүндүрүп берүүсүн талап кылып жатабыз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Бешимов, Тышкы иштер министринин орун басары: Артиллерия колдонуу – оңой нерсе эмес. Аны дароо колдоно койбойт, алдын ала камданып, кайсы жердин аткыланаары караштырылат. Ошондуктан муну тажик тараптын түшүндүрүп берүүсүн талап кылып жатабыз
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жолдоп, чек арадагы чырлуу окуя тажик жарандарынын мыйзамсыз аракетинен башталганын билдирди. Би-Би-Сиге берген маегинде Бешимов, ушуну менен экинчи ирет тажик тарапка чек ара штатында болбогон куралдарды колдонушу тууралуу түшүндүрмө берүү талабы коюлганын айтты.

Кечээ күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да кыргыз тарапка нота жолдогон.

Аскар Бешимов: Эки өлкөнүн чек ара боюнча делегацияларынын башчылары 10-июль кунү Тажикистанда жолугушмак. Ушул кунү сүйлөшүү баштала электе саат 11:30дар чамасында эки тараптын чек арачылары арасында жаңжал чыгып жатат. Атышуу түштөн кийин саат үчтөрдө сүйлөшүү башталганда орун алган. Тажикистандын нотасын алдык. Анда алар окуяны иликтебестен кыргыз тарапты бир тараптуу күнөөлөгөн. Тажикистандын Тышкы иштер министрлиги кыска мөөнөттө иликтебестен, ушундай билдирүү жасаганы биз үчүн таң калыштуу. Баса белгилөөчү нерсе - мунун баары сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда болууда.

Биз муну чек ара маселесин өзүнө ыңгайлуу кылып чечүү үчүн басым көрсөтүү же сүйлөшүүнү бузууну максат кылуу деп баалайбыз. Балким коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдарынын арасындагы келишпестик дагы болушу мүмкун деп ойлоп жатабыз. Мындан улам биз бүгүн Тажикистандын нотасына жооп берүүгө аргасыз болдук. Анда чек ара маселесинин чечилиши үчүн сүйлөшүү учурунда ар кандай баа берүүдөн баш тартууга чакырдык.

Би-Би-Си: Чек ара жаңжалынын Ак-Сай – Көк-Таш жолунун курулушуна тиешеси бар экени айтылат. Анын себеби кандай?

Аскар Бешимов: Жолдун тиешеси бар. Эки тараптын эли бири-бирине каттоодо тоскоолдуктар болбошу үчүн ушул жол салынып жатат. Сүйлөшүү эки жылдан бери уланууда. Кыргыз тарап жолдун курулуусу делимитация жана деморкация иштерине эч кандай байланышпай турганын билдирген. Жолдун максаты жергиликтүү элдин камын көрүү, ары-бери каттоодо жаңжалдардын алдын алуу гана болуп эсептелет. Ошого карабай тажик тарап далай убакыттан бери каршылык көрсөтүп келатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган пикирлери боюнча, алар эгер биз жол салсак, Ворух анклавын кошууга коридор сурашкан. Биз коридор бере албайбыз, биздин жолдорду колдоно бергиле дегенбиз.

Биринчиден, алардын шашылыш түрдө нота жибергени биз үчүн таң калыштуу. Экинчиден, сүйлөшүү учурунда жеке баасын бербей турууга чакыруудабыз. Үчүнчүдөн, бизди дагы таң калтырганы чек ара штаттарында болбогон куралдар: артиллерия, гранатометтун колдонулуусу. Биринчи жолу 11-январда, анан кечээ ушул курал-жарактар колдонулду.

Би-Би-Си: Мыйзамга туура келбеген курал-жарактын колдонулушун кандай баалайт элеңиз?

Аскар Бешимов: Артиллерияны колдонуу – оңой нерсе эмес. Аны дароо колдоно койбойт, алдын ала камданып, кайсы жердин аткыланаары караштырылат. Ошондуктан муну тажик тараптын түшүндүрүп берүүсүн талап кылып жатабыз. Артиллерияны колдонуу эл аралык укук жана эки таратын келишимдерине каршы келет.