Сирияга кеткен кыргыздардын саны 80ге жетти

Сирияга барды делген казакстандыктар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияга барды делген казакстандыктар.
Published

Сириядагы согушка тартылган кыргызстандыктардын саны 80ге жетти. Алардын ону аялдар экенин ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Рыскулбек Жапаркулов бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал соңку мезгилде радикалдуу элементтер менен катар Сирияга согушка жөнөгөн жарандардын саны көбөйүп жатканын айтты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда Сирия, Афганстан жана Пакистандагы согуш очокторуна согушкерлерди даярдап жөнөткөн бир нече уюм иштеп жатат.

Мындай террорчул уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча 15 факт катталып, алардын сегизи боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Сирияга жихадга барды делген бир нече кыргызстандык кармалганы кабарланган.

Ага чейин Ички иштер министрлиги Баткен аймагында кыргызстандыктарды Сириядагы согушка жөнөтүүнү көздөгөн уюк табылганын билдирген эле.

Алар тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя жана Оштун Араван аймагынан Сириядагы согушка жөнөп жаткан ондогон адамдар кармалганы ачыкка чыккан.