Борис Тадич: Кыргызстанда тажрыйбаны жайылтып...

Борис Тадич, Сербиянын мурунку президенти: Кыргыздар өтө оптимист калк келет, жылмайып жүрүшөт экен. Бирок Кыргызстандагы орточо маяна Сербиядагыдан төмөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Тадич, Сербиянын мурунку президенти: Кыргыздар өтө оптимист калк келет, жылмайып жүрүшөт экен. Бирок Кыргызстандагы орточо маяна Сербиядагыдан төмөн
Published

Сербиянын мурунку президенти Борис Тадич Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктерди жана сөз эркиндигин жогору баалады. Кыргызстанга Мадрид клубунун миссиясы боюнча келген экс-президент ошондой эле санариптик берүүлөргө өтүү боюнча Сербиянын тажрыйбасы менен бөлүштү.

Сербия Республикасынын экс-президенти Борис Тадич Кыргызстанга эки күндүк иш сапарында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.

Тадич өз сөзүндө Кыргызстандагы демократиялык өнүгүү жолун оңунан баалап, башка өлкөлөргө салыштырмалуу журналисттер үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтты. Ошол эле учурда эркиндикти туура багытта, жоопкерчиликтүү пайдалана билүү керектигине токтолду:

“Жалпыга маалымдоо каражаттары кээде тынчтыкты жаратуу үчүн эмес, согуш чыгаруу үчүн курал болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан саясатчы же журналист болуу- бул чоң жоопкерчилик.

Жогорку кызматта отуруп жоопкерчиликсиз саясат жүргүзгөн коркунучтуу саясатчылар сыяктуу эле, журналисттер да туура эмес иш-аракеттери менен согушка себеп жаратышы мүмкүн. Саясатчылар экономикага түздөн-түз байланыштуу. Экономикага негизделбеген саясат натыйжалуу болбойт”.

Борис Тадич ошондой эле санариптик телерадио берүүгө өтүү боюнча өз өлкөсүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын айтымында, санариптик берүүгө өтүүдө атайын жөнгө салуучу орган түзүп алуу керек жана ал бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштешсе, жакшы натыйжа берет. “Сербия менен Кыргызстандын көп окшоштуктары бар: эки өлкө тең көп улуттуу, экөөндө тең регионалдык бөлүнүү бар”, - дейт Тадич. Ага катар эки өлкөдөгү айырмачылыктардан да кеп салды.

“Бул жерге келгенимдин максаты - Сербиянын тажрыйбасы менен бөлүшүү. Биздин мамлекеттердин ортосунда бираз айырмачылыктар бар. Кыргыздар өтө оптимист калк келет, жылмайып жүрүшөт экен. Бирок Кыргызстандагы орточо маяна Сербиядагыдан төмөн. Ал жакта орточо айлык акы- 400 евро. Бул Кыргызстанга салыштырмалуу 150 доллар өйдө дегенди билдирет.

Ошентсе да биз бактылуу эмеспиз. Акыркы глобалдык изилдөөлөргө ылайык, сербиялыктар дүйнөдөгү эң пессимист элдердин бири, батыштагы балкандардыктар да ушундай. Эмнеге, билесиздерби? Биз мурунку Югославияда жашаганбыз. Башка социалисттик мамлекеттерге салыштырмалуу биздин жашоо стандарттарыбыз жогору эле. Биз өтө ачык, батышка түздөнгөн коом болуп келдик”, - дейт экс-президент.

Борис Тадич Кыргызстанга дүйнөдөгү мурунку президенттердин коммерциялык эмес уюму болгон Мадрид клубунун максаттарынын алкагында келген. Аталган клуб атайын демократиялык жараяндарга, чатактарды чечүүгө, техникалык кеңеш берүүгө басым жасайт. Учурда ага 56 өлкөнүн өкүлү мүчө.