Ош-Эркеч-Там жолу буулган бойдон калууда

Ош-Эркеч-Там жолу буулган бойдон калууда. Мурдагы депутат Акматбек Келдибековдун жердештери Алай жергесинде 27-майдан бери жол тосуу акциясын улантып, Келдибеков акталганга чейин жолду ачпастыгын айтышууда.
«Элдин талабы баягы эле, ден-соолугуна байланыштуу А. Келдибековду баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөөнү жүргүзө берүү»- деди Би-Би-Сиге Акматбековду коргоочу топтун өкүлү Чынара.
Октябрь райондук соту Акматбек Келдибековдун камактагы мөөнөтүн 26-майда кайрадан дагы бир айга узартты. Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө ишти карабай кыскартканын билдирди. Анын себеби Келдибековдун коргоочулары арызын кайтарып алганына байланыштуу болгон.
Башкы прокуратура Акматбек Келдибековдун кылмыш иши боюнча тергөө бүткөнүн, азыркы учурда ал иш менен таанышып бүткөнүн билдирүүдө.
«Ага тергөө бүткөнү жарыяланган. Азыркы учурда айыпталуучу жана анын коргоочуларынын кылмыш иш менен таанышуу процедурасы жүрүп жатат. Жакын арада кылмыш иши сотко жөнөтүлөт»- деди Би-Би-Сиге Башкы прокуратуранын тергөө башкармасынын башчысы Кылычбек Арпачиев.
Башкы прокуратура тергөө маалында мурдагы спикерге коюлуп жаткан күнөөлөр толук далилденди деп билдирүү тараткан. Андагы маалыматтарга караганда, А. Келдибеков кызмат абалынан пайдаланып жасаган мыйзамсыз иштердин натыйжасында мамлекетке чоң зыян келген, атап айтканда ал Соцфондду жетектеп турганда 24 млн сом, Салык кызматын башкарып турганда 2 млн 300 миң сом, ЖКнын төрагасы болуп турганда он миллион сомго жакын каражат мыйзамсыз жумшалган.
Оппозциялык фракциянын депутатынын жактоочулары буга чейин Бишкекте, Ошто жана Гүлчөдө бир нече жолу каршылык акцияларын өткөрүп, Келдибековду үй камагына чыгарууну, анын ишин акыйкат тергөөнү талап кылышкан.




























