Бажы биримдиги СССРге алып барабы?

Кыргызстанда Бажы биримдигине карата коомдук пикир бир кылка эмес.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда Бажы биримдигине карата коомдук пикир бир кылка эмес.
    • Author, Ибраим Нуракун уулу
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Published

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Москвадагы жолугушууда Евразия биримдиги боюнча кооптонууларды четке какты. Казак президенти бул союзду мурдагы советтер союзун кайра түзүү аракети деген сындар негизсиз деп белгилеген.

Орусия, Казакстан жана Белорусия баштаган Бажы биримдигинин жетекчилери менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев дагы жолугушууда. Ал 29-30-апрелде Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Андан соң, 3-майда Казакстандын баш калаасы Астага сапар тартат. Жакында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы Казакстан лидери менен жолугушуп келген.

Соңку окуяларды Кыргызстандагы жергиликтүү серепчилер Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу процессин тездетүү аракети деп божомолдошууда. Бажы биримдигинин Кыргызстан үчүн оң жана терс таасирлери деп каралган жагдайлары кайсылар?

Президент Путиндин демилгеси менен түзүлүшү күтүлүп жаткан Евразия экономикалык биримдиги Бажы союзунун негизинде түптөлмөкчү. Мурдагы советтик республикалардын ортосундагы кеңири интеграция процесси 2015-жылдын башына белгиленген.

Ага чейин Орусия, Казакстан жана Белорусия баштаган Бажы биримдигине Армения менен Кыргызстандын кошулушу жөнүндө талкуулар жүрүп жатат. Бул союзга карата коом ичиндеги келишпестиктердин арты Украинадагы кризиске дагы кайсы бир деңгээлде түрткү болгон.

Биримдиктин түштүк чек аралары жакынкы келечекте Тажикстанга чейин жетиши күтүлүүдө.

Кыргызстанда Бажы биримдигине карата коомдук пикир бир кылка эмес.

Саясатчылар, атуулдук уюмдун активисттери жана бизнес өкүлдөрү Кыргыз өкмөтүн Бажы союзуна кошулуу ниетинен баш тартууга үндөп келет. Алардын эң негизги жүйөөсү экономикасы чакан, көп жылдардан бери саясий олку-солку кырдаалдан башы чыкпай келе жаткан бул өлкө ири экономикалардан көз каранды болуп калышы ыктымал.

Мисалы, Кыргызстан Орусия же Казакстан менен экономикалык жактан тең тайлаш же атаандаш боло албайт дешет алар. Буга кошумча, чечимдердин бардыгы Москвадан кабыл алынып, Кыргызстан саясий жактан дагы өз алдынчалыгын жоготот деген кооптонуулар бар.

Андан тышкары, Бажы союзуна кирүү менен Бишкек Дүйнөлүк соода уюмундагы өнөктөштөрүнүн кысымы алдында калышы мүмкүн. Жыл башында Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөр, эгер Кыргызстан Бажы союзуна кошулса, анда товарларга кошулган кошумча бажы төлөмдөрүнө жараша компенсация төлөп бериши керек деген шарт коюшкан.

Бажы союзунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн экенин Кыргыз өкмөтү дагы эсептеп чыкты. Бирок, Бишкек Кыргызстандын келечеги үчүн бул уюмдун зыянынан, пайдасы көбүрөөк деген бүтүмгө келүүдө. Расмийлердин айтымында, Орусия менен Казакстан Кыргызстандын эң ири соода өнөктөрү болуп эсептелгендиктен, алар түзгөн Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө.

Андан тышкары, жүз миңдеген мигранттардын тагдыры Москва менен Астананын чечимдерине көз каранды. Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуу аркылуу Орусия менен Казакстандан мунайзат жана жаратылыш газын арзаныраак баада алууну көздөйт.

Анын ордуна, кыргызстандыктар түндүктөгү коңшуларына айыл-чарба продуктыларын, эт-сүт азыктарын сатууга мүмкүнчүлүк алат деген үмүттөрү бар.