Кыргызстандын эмгек маянасы жашоого жетеби?

2013-жылдын жыйынтыгында Тажикстанда орточо айлык акы 110 доллар, Кыргызстанда 230 жана Молдовада 265 долларды түзгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2013-жылдын жыйынтыгында Тажикстанда орточо айлык акы 110 доллар, Кыргызстанда 230 жана Молдовада 265 долларды түзгөн
    • Author, Шербол Жапаралиев
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Айлык акынын көлөмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркы орунда турат. Бул туурасында КМШнын өлкөлөр аралык статистикалык комитети билдирүү таратты. Комитеттин маалыматына ылайык, КМШ аймагындагы айлык акы көлөмү эң төмөн болгон өлкөлөр: Тажикстан, Кыргызстан жана Молдова.

Ошол эле учурда Кыргызстанда керектөө минимумунан төмөн айлык акылар бар экендиги да айтылууда. Бирок айрым экономисттер мындай жагдайды салык төлөөдөн качуу аркылуу айлык акынын көлөмүн формалдуу түрдө азайтып жатышат деп түшүндүрүүдө. Кыргызстанда орточо айлык акы жашоого жетеби?

Шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде сабак берген Нуржамал жолдошу жана эки баласы менен бир бөлмөлүү батирде турат. Бир бөлмөгө төрт киши батпайт, ызы-чуу. Ал эми конок келген учурда такыр эле эмне кылаарын билбей калышат экен. Нуржамал өлкөдө мугалимдердин айлык акылары эң төмөндөрдөн экенин айтып отурат:

“Эмне үчүн билим берүү тармагы аксап жатат деп таң калбай эле коюу керек- дейт ал. - Чынын айтканда, өлкөдөгү жашоо минимуму менен кадимки мугалимдин айлыгы төп келе бербейт, башкача айтканда аз болуп калат. Мугалимдердин үй түйшүгү да бар, жашоо кымбат дегендей. Ошентип башка кошумча иштер менен да алектенүүгө туура келет".

Эл аралык статистикалык комитеттин маалыматына ылайык Кыргызстан эмгек акынын көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстандан гана жогору турат. 2013-жылдын жыйынтыгында Тажикстанда орточо айлык акы 110 доллар, Кыргызстанда 230 жана Молдовада 265 долларды түзгөн.

"Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча, 2013-жылдын жыйынтыгында бир кызматкердин орточо айлык акысы 11 миң 426 сом болуп, Улуттук банктын расмий курсуна жараша 236 долларды түздү"- дейт Улуттук статистикалык комитетинин Эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен жашоо минимумунун көлөмү 5 миң 140 сом деп белгиленди. Бирок, өлкөнүн айрым тармактарында эмгек акы бул минимумдан жогору чыкпайт экен. Бул токой чарбасы, балык улоочулук ж.б. тармактар. Ал эми финансы жаатындагылар орточо эсеп менен 25 миң сомдон алышат.

Бирок айрым экономисттер өлкөдө абал кагаздарда көрсөтүлгөндөй коркунучтуу эмес деп эсептешет. Экономикалык серепчи Азамат Акелеев, социалдык төлөмдөрдөн качуу максатында айлык акылардын көлөмү кагаз жүзүндө аз көрсөтүлүп жатат деген ойдо:

"Маалыматтын туура же калп экенин текшерүүнүн бир нече факторлорун караш керек. Анткени, бизде көмүскө экономика бир топ көлөмдү ээлейт. Көмүскө экономикада айлыктардын төлөнүшү да бар. Биздеги эң негизги маселе – социалдык төлөмдөрдүн жогору болушу эсептелет. Мисалы, маянанын 30 пайызы социалдык төлөмдөргө кетет. Мындай учурда, албетте, жумуш берүүчү дагы, жумушчу дагы айлык маянасын аз көрсөткөнгө кызыктар".

КМШ аймагында Кыргызстан эмгек маянанын көрсөткүчү боюнча эң төмөн өлкөлөргө кирсе, жогорку тепкичтерде Орусия жана Казакстан турат. Орусияда орточо айлык 800 долларга жакын.

Өлкөдө эмгек маянанын орточо көрсөткүчү жарандардын жашоо деңгээлин түздөн-түз көрсөтпөсө да, төмөн айлык акылар мамлекеттин өнүгүүсүнө бөгөт койгон эң негизги жагдай болуп эсептелет.

Жогорку окуу жайынын мугалими Нуржамал болсо, келечекте эмгек акынын көлөмү өсөт деген үмүттө. Ал эми “Билим берүү тармагындагы аз акча сизди кантип кармап турат?”- деген суроого Нуржамал “кесипке болгон сүйүү!”- деп жооп берди.