Оппозиция ураандары элден колдоо табабы?

    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бириккен оппозициянын митинги Бишкекте «Атамбаев Манастан колуңду тарт» деген ураан алдында өттү. Митингде ошондой эле элдик ишенимдеги өкмөт түзүү, коррупцияга каршы күрөшкө жамынып оппозиция лидерлерин куугунтуктоону токтотуу, Кумтөрдү элге иштетүү, мыйзамдагы ууру Батукаевди бошотуп жибергендерди жоопко тартуу сыяктуу талаптар көтөрүлдү.

«Манас» аба майданын россиялык инвесторго берүү планы менен байланышкан маселеден башка коюлган талаптардын баары баягы эле, эки жылдан бери жер-жерлерде көтөрүлүп келген маселелер. Бийлик тарап бул талаптарга өзүнүн жообун берип келатат. Бирок бул маселелер кайра-кайра эле көтөрүлүп жатканы, демек бийликтин жообу же ынандырбайт, же аны уккусу келишпейт дегенди билдирет. Оппозиция көтөрүп жаткан ураандар жана талаптар элди ээрчитип кеткидей канчалык күчү бар?

Саяста талдоочу Марат Казакбаевдин айтымында, оппозициянын кризиси анын кырдаалга объективдүү карабай, көбүрөөк популизмден чыга албай жатканында болуп жатат.

"Оппозицияда объективдүү мамиле жок болуп жатат, жөн эле популизм. Митингдерге бийлик көнүп калды. Он миң, жыйырма миң киши чакырып митинг уюштурсаң да бийлик коркпойт. Алар башка эффективдүү боло турган механизм таба албай жатышат”,-дейт Марат Казакбаев.

Ошол эле учурда байкоочулардын баамында, оппозиция көтөрсө, көтөрбөсө да, бийликке элдин ишенимин кетирип жаткан, каршылык маанайды курчутуп жаткан реалдуу себептер да бар. Мисалы, 2010-жылдан бери үч жолу жаңырган Өкмөттө баягы эле Акаев менен Бакиев заманындагы жетекчилердин отурганы коомчулукта көп сынга кабылууда.

Анын ичинде, коррупциялык кылмыштар боюнча шектелген, артынан жаманатты сөз ээрчиткен адамдардын чоң кызматтардан түшпөй жатканы башкаруучу фракция социал-демократтардын өздөрүнүн ичинде каршылык жаратууда. Жоомарт Оторбаевдин Өкмөтү бекип жатканда депутат Данияр Тербишалиев аны катуу сынга алганын жалпы журт укту.

Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөш жарялып, жүргүзүп жаткан өнөктүгү коомчулукта карама-каршы мамилени да жаратууда. Бир жагынан бийликтин коррупциялык кылмыштар үчүн таза эмес жетекчилерди карматып, министрлер менен депутаттарга чейин түрмөгө түшүп жатканын жалпы эл колдоого алууда.

Бирок ушул күрөш өз жана жат принцибинде тандоо менен жүрүп жатат деген сын көз караш көп айтылууда. Коррупциялык кылмыш иши козголгон оппозиция лидерлери камалып, ошол эле учурда СДПК партиясынын активисттери Бишкек шаарынын мурдакы мэри Иса Өмүркулов менен курулуш жана архитектура агенттигинин мурдакы башчысы Каныбек Нарбаевдин камалбай, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканы бүгүнкү митингдин негизги талаптарында айтылды.

“Бийлик коррупцияга каршы күрөш жарыялап, “а” дегенден кийин “б” деши керек. Бул жерде тууганбы, доспу, душманбы, карабаш керек Ошол принцип ишке ашканда гана эл ишенет. Бирок азыр биз ошону көрө албай жатабыз”,-дейт Улуттук университеттин профессору Айнура Арзыматова.

Жыйынтыктап айтканда, байкоочулар азыркы учурда оппозициянын да, бийликтин да эл ичинде ишенимге ээ боло албай, кадыры кетип жатканын айтышат. Оппозиция көчө акциялары, популисттик ураандары менен тажатып, конструктивдүү иштин платмормасын таба албай жатканда, бийлик тарап дагы көп каталыктарды кетирүүдө.

Стратегиялык объектилердин тегерегинде чыккан ушак-айыңдар, коррупцияга каршы күрөштө бийлик жакындарын калкалап калуу аракеттери, бийликте жаңы жүздөр жок болуп жатканы, чек ара, кен иштетүү маселелеринде мажүрөө болуп жатканы бийликтин дарегине сын-дооматтарды күчөтүүдө.