Кыргызда жазма маданият болгонбу?

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Дүйнөгө кыргыздар бир нече алфавитти колдонгон улут катары таанымал. Бирок байыркы кылымдарда кыргызда жазма маданият болгонбу? Тарыхчы, окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяз Молдокасымовдун талкуусу.
Тынчтыкбек Чоротегин:
-“Жазма маданият” дегенде, биз өзүбүздүн алфавитибиз менен байланыштуу сөз кылып, муундан муунга өткөрүп келген мурасыбыз бар экендигин баса белгилешибиз керек. Советтер Биримдиги учурунда расмий түшүнүк ушундай эле. Эсиңде болсо керек, Кыяс, “бизде жазма болгон эмес, Лениндин улуу саясатынын салтанаты менен гана кыргыздарда жазма пайда болду”, - деп айтышчу. Атүгүл, айтылуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, “Манас” дастанын сөз кылып келип: “жазма маданияты жок көчмөн эл “Манас” дастаны аркылуу гана өзүнүн руханий байлыгын сактап келген”, - деген сыяктуу пикирлерин жазып калтырганы белгилүү. Албетте, “Манас” дастанынын маанисин биз бөксөртпөшүбүз керек. Ошол эле учурда, Совет доорундагы туура эмес жоромолду дагы түздөөгө милдеттүүбүз деп көп айдыңдар айтып жатышат. Алардын айтымы боюнча, Совет дооруна чейин эле кыргыздардын бай жазма салты болгон.
Кыяс Молдокасымов:
-Албетте, кыргыздар 1917-жылдан кийин эле дароо “агарып”, сабатсыздыгы жоюлуп, андан кийин эле дүңүнөн эле баардыгы кат таанып калды” деген пикир бизде көп жыл бою өкүм сүрүп келди. Үңүлө тарыхка тереңдей кирсек, кыргыздар кайсыл мезгилде болбосун, өзүнүн жазмасын колдонуп келишкени тарыхта маалым. Алгач, мына, Орхон-Энесай жазмаларынын учурунда дагы кыргыздардын өзүнө тиешелүү руна сымал жазуу өзгөчөлүктөрү болгондугун, ошол мезгилден баштап, бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар айтып келе жатышат. Андан кийин кыргыздар ислам динин кабыл алгандан тартып араб графикасы, араб тамгасы кыргыздардын кадыресе эле кат таануусунда, сабатсыздыгын ачууда, окууда кабыл алынып, кийинки 20-кылымга чейин кадимкидей эле кыргыздарда колдонулуп келгени маалым.

Тынчтыкбек Чоротегин:
-Туура айтасың, Кыяс. 10-кылымда Караханийлер кагандыгы ислам динин 960-жылы расмий түрдө, өзүнүн мамлекеттик дини деп жарыялагандан кийин, ушул аймактагы, Теңир-Тоодогу көп түрк элдери алардын арасында кыргыздардын бөлүктөрү дагы ислам динине оой баштаган. Ошол доордон тартып, мына, Жусуп Баласагун, Махмуд Кашгари сыяктуу бабаларыбыз араб графикасында жазып, өзүнүн жакшы интеллектуалдык байлыгын муундарга калтырып калган. Ал кийин “Манас” дастанын чагылдырган орто кылымдардагы “Мажму-ат-таварих” деген эмгекти дагы тажик тилинде жазган менен, бирок, аны жергиликтүү тажикче жакшы билген кыргыз жазган деген жоромолду айтып жатышат. Негизи, 19-кылымдын аягында дагы абдан көп кыргыздын жазгычтары, акындары, тарыхчылары чыккан экен. Ошолордун бири – Магзуни деген тарыхчы жөнүндө өткөн кылымдын 90-жылдарынан кийин гана кеңири маалымат алып калбадыкпы.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Кыяс Молдокасымов:
-Ооба, 1992-жылы Түркиядан, Истанбул университинен табылган “Фергана хандарынын тарыхы” деген 1666-беттен турган кол жазма табылгандан кийин, “анын автору ким”, - деп көпкө чейин иликтөөлөр жүргөн.. Анын автору кыргыздын белгилүү тарыхчысы Зиабиддин Максым экени, ал Ош облусунун, Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндө жашаганын, өзү жашаган жерге медресе куруп, балдарды окутканы тууралуу маалыматтар кийин кеңири изилдөөдө табылды. Зиабиддин Максым Кокон хандыгынын ордосунда отуруп өзүнүн белгилүү тарыхын жазгандыгы кыргыз окумуштуулары, тарыхчылары тарабынан иликтенген. Ал 19-кылымда кыргыздын жазма тарыхын, жазма адабиятын өнүктүргөн. Кийин, Молдо Нияздын , Тоголок Молдонун, Осмонаалы Сыдыктын жазмаларында өнүккөн. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Молдо Калыбек деген белгилүү акын өзүнүн жазган ырларын, өз убагында Өзбекстандык окумуштуулар алып кеткен да, анан аны “Молдо Калыбек Муса Ибн Андижани - өзбек акыны”, - деп атап жүрүшкөн экен. Аны кийин, биз кыргыздын акыны экенин, урук-туугандары бүгүнкү күндө Ноокен районунда, Чоң-Багыш айылында турганын, Молдо Калыбектин бейити ошол айылда коюлганын кийин тактап бердик. Ага карабастан, бүгүнкү күндө Өзбекстандын окуу китептеринде “Молдо Калыбек - бул Өзбекстандык белгилүү акын” деп жазылып келет. Ушундай акын-жазуучулардын, тарыхчылардын эмгектери 19-кылымда эле кыргыз жазмасынын кадимкидей колдонулганын дагы бир жолу ырастайт.
Тынчтыкбек Чоротегин:
-Ал эми 27-28-жылдардан кийин араб графикасы Кыргызстанда колдонулбай калган менен коңшу Кытайда, Ооганстанда, Пакистанда, албетте, кыргыздар араб жазмасын ырааттуу түрдө колдонуп жаза беришти. Алар бизде жоголуп кеткен мурастарды сактап калышты. Алардын бири, албетте, Осмонаалы Сыдык уулунун араб графикасында кыргызча жазган чыгармасын кийин Үрүмчүдө татынакай жарыялап салышты. Көп кол жазмалар азыр дагы кытайлык кыргыздардын колунда араб графикасында сакталып жаткандыгы жөнүндө бизге кабар айтылып жатат. Ошол эле учурда, биз латын графикасын дагы көрдүк, ал Кыргызстанда 1940-жылга чейин колдонулду. Эми ошол латын жазмасына кайра өтөлүбү деген да маселе талкуу болуп жатат. Коңшу Казакстанда 2025-жылга карата бул графикага көчүү жөнүндө сөз жүрүп жатат. Бизде болсо пикирлер өтө чаржайыт болуп жатат; айталы, Орхон-Энесай жазмасын кайра калыбына келтирип, ошого өтөлү деген дагы кызыктуу ойлорду ортого салып жатышат.
Кыяс Молдокасымов:
-Өткөн жылы Орхон-Энесай жазмалары, анын ичинде руна сымал жазмалары боюнча мыйзам кабыл алып, мыйзамдын негизинде андан ары жалпы кыргыз жаштары окуп, өнүктүрүп, бара-бара колдонууга өтөлү деген дагы аракеттер көп болду. Бирок азырынча андай мыйзам өтө элек. Аны дагы өткөрүүгө жасалып жаткан аракеттер бар. Бул руна сымал жазмаларды биз сактап калышыбыз керек. Аны бүгүнкү күндө андан ары жандандырып, ошол мезгилдеги тарыхты билүү үчүн жаштарга үйрөтүшүбүз керек. Бирок бүгүнкү күндө кыргыздын жазмасы катары кайрадан калыбына келтирип, ошого кайта өтүү - чындыгында эле тарыхтан кайра артка кайтуу менен барабар деген көз караштар көбүрөөк өкүм сүрүп жатат.
Тынчтыкбек Чоротегин:
-Демек, бул жазма маданиятыбыз бар экендигинин негизинде, анын ар кандай жазма системаларга байланыштуу өнүккөндүгү темасы өтө кызыктуу талаш-тартышарды пайда кылат. Эмесе, эң башкысы...
Кыяс Молдокасымов:
-Эң башкысы, 20-кылымга чейин эле кыргыздардын өзүнүн жазмасы бар экендигин, ошол жазманы кадимкидей эле колдонуп келе жатканын көптөгөн тарыхый маалыматтар ырастаганын дагы бир жолу окурмандарга кайталап айта кетмекчибиз.
Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.




























