Кыргызстанда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы жарыяланды

Жарлыктын акыркы бөлүгүндө Кыргызстандагы азыркы учурдагы коркунучтар тууралуу сөз козголуп, ага чек ара маселелери, улуттар аралык мамилелер, жердешчилик жана “саясий бузукулук” тууралуу сөз болот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарлыктын акыркы бөлүгүндө Кыргызстандагы азыркы учурдагы коркунучтар тууралуу сөз козголуп, ага чек ара маселелери, улуттар аралык мамилелер, жердешчилик жана “саясий бузукулук” тууралуу сөз болот.
Published

Президент Алмазбек Атамбаев «2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда “Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдан ашык тарыхындагы татаал мезгилдеринин бирин баштан кечирип жатат”, - деп айтылат.

“Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылында тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Коррупцияга батып, криминал менен биригип кеткен үй-бүлөлүк-кландык режимдин күч алышы мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын кетирип, улуттук байлыктарды талап-тоноого жол ачты. 2009-жылы Кыргыз Республикасы КМШдагы эң жакыр өлкө болуп таанылган. Мамлекетке болгон жарандардын ишеними кескин төмөндөп, кыргыз мамлекетинин жөндөмсүздүгү жана мамлекеттин жок болуу коркунучунда тургандыгы жөнүндө ачык айтыла баштаган”, - белгиленген бул документте.

Президенттик аппарат тараткан билдирүүдө, андан тышкары, 2010-жылдагы апрель окуяларынын кийин эл менен бийликтен ортосундагы мамиле өзгөрүп, экономикалык жогорулоого багыт алганы белгиленген.

Жарлыктын акыркы бөлүгүндө Кыргызстандагы азыркы учурдагы коркунучтар тууралуу сөз козголуп, ага чек ара маселелери, улуттар аралык мамилелер, жердешчилик жана “саясий бузукулук” тууралуу сөз болот.

Бир катар мамлекеттик органдарга, анын ичинде коомдук теле-радио компанияларга мыйзамдуулукту бекемдөө жана документте белгиленген коркунучтарды алдын алуу боюнча өнөктүк жүргүзүүгө тапшырма берилген.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылындагы иш-чараларды көзөмөлдөө президенттик аппаратка жүктөлгөн.

Өнөктүктүн максаты эмне?

Би-Би-Си Ибраим Нуракун уулу президенттик аппараттын эксперти, документти түзүүгө катышкан Санжарбек Тажиматовду маекке тартып, Мамлаекеттүүлүктү бекемдөө жылын жарыялоонун башкы максаты эмне деп сурады?

Санжарбек Тажиматов: Бардык элдер мамлекеттүүлүккө жетишкен эмес. Ал эми Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүнө жетишкени менен бийлик органдары да, жөнөкөй жарандар да анын баалуулугун билбей келе жатат. Ошондуктан, өлкө ичинде жана сыртында мамлекеттүүлүккө болгон коркунуч пайда болуп жатат. Мындай коркунучтар мамлекеттүүлүктү тобокелчиликке салгандан улам ортого чыкты. Мамлекет бийлик органдарыныкы гана эмес, жалпы жарандардын өлкөсү экендигин моюнга алыш керек.

Биздин негизги максат өлкөдөгү жарандык позицияны өнүктүрүү жана бекемдөө болуп саналат. Адамга аба кандай керек болсо, мамлекет да жаранга ошондой керектигин баамдоо абзел. Кыргызстан тууралуу ар түрдүү терс ой-пикирлер жазылып жүргөнү белгилүү. Алардын бири, Кыргызстан ишке ашпай калган мамлекет деген көз караштагы жазуулар. Мындай ойлор жөн жеринен эле чыга бербейт, кандайдыр бир себептери бар. Биздин максат айтылып жүргөн себептерди жок кылып, өнүккөн жана бакубат мамлекет куруу.

Би-Би-Си: Документте кыргыз мамлекеттүүлүгү 2000 жылдан ашуун тарыхындагы татаал мезгилдеринин бирин баштан кечирип жатат деп жазылган. Мындай бүтүмгө келүүнүн себеби эмнеде болду?

С.Тажиматов: Бүгүнкү күндө саясий күчтөр конструктивдүү бир жолго түшө албай жатат. Себеби саясатчылардын кээ бирлери коомчулукту бөлүп-жаруу менен алектенип жаткандыгы ачык айкын. Көп учурда жарандар жердешчилик, уруучулук аркылуу саясатка тартылып жаткандыгы байкалып жатат. Бул чоң коркунуч туудурат.

Мамлекеттүүлүктү бекемдейби же саясий оппоненттерди куугунтуктайбы?

Президенттик аппараттын диний саясат жана атуулдар менен кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттик аппараттын диний саясат жана атуулдар менен кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов.

Би-Би-Си: Бирок ошол эле учурда мамлекеттүүлүктү бекемдөө деген түшүнүктүн өзү кандайдыр бир авторитардык режимди бекемдөө багытына айланып кетпейби? Себеби, документте «саясий бузукулук» термини жүрөт. Муну менен Кыргызстандын өзүнүн атуулдары, бирок көз карашы башкача, бийликке оппозициялык маанайдагы адамдарга ушундай мүнөздөмө берилип жатабы?

С.Тажиматов: Бул термин ар түрдүү мааниде чечмелениши мүмкүн. Бирок айта кетчү нерсе, 2010-жылы кабыл алынган акыркы Конституцияда саясий атаандаштыкка толук шарттар түзүлгөн деп жазылган. Бүгүнкү күндө коом жаратман саясий көз караштардын атаандаштыгын күтүп жатат.

Тилекке каршы, саясатта бул көрүнүштөр жокко эсе, ошондуктан мындай маселелер көтөрүлүп жатат. Өлкөдө мыйзам бар, жарандык коом жакшы өнүккөн. Ошондуктан, бийликтин авторитардык багыт алып кетишине шарт түзүлөт деп ойлобойм.

Би-Би-Си: Бул патриотчулукка чакыруу жана кыргыз атуулдарын бириктирүү. Сиз бардык атуулдарды деп айтып жатасыз, алардын ичинде оппозициялык ишмерлер да бар. Маселен, аларды борбордук бийлик өзүнөн түртпөстөн кантип мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө тартуусу мүмкүн?

С.Тажиматов: Биринчи кезекте сын сөзсүз түрдө айтылуусу керек, бирок сын көз караш менен бирге Конституцияга ылайык ал маселенин чечүүнүн жолдору да сунушталуусу керек. Бирок азыркы учурда сунуш айтылбай, мамлекетүүлүктүн негизги маселелерине эмес, майда-чүйдөлөргө жарандардын көңүлү бурулуп жатат. Өзгөчө, регионалдык деңгээлдеги лидерлер көбөйүп кетти. Алар аймактарында өз ММКлары аркылуу жалпы калкка туура эмес жана мамлекеттүүлүктү жокко чыгара тургандай маалыматтарды таратып жатышат. Жалпылаганда, атуулдук биримдикке коркунуч туулуп жатат.

Документ жарыяланды, аткарууга кепилдик барбы?

Би-Би-Си: Саясий маселелерден сырткары, документте чек ара көйгөйү, улуттар аралык мамилелер, жердешчилик сыяктуу маселелер жазылып, көлөмдүү да экен. Жазылгандарды аткаруу мүмкүнбү? Себеби буга чейин Кыргызстанда көптөгөн өнөктүктөр башталып, аягына чыкпай калгандыктан коомчулукта ишеним азайгандай сезилет. Ушундай чоң өнөктүктүн ишке ашуусуна кандай кепилдик бар?

С.Тажиматов: Атуулдардын бийликке болгон ишениминин азайганы чындык. Буга чейинки болуп келген саясий режимдердин натыйжасында бул абалга кептелдик. Демек, ушул жарлыктын негизинде жүргүзүлүүчү бардык иш-аракеттер жарандардын бийликке болгон ишенимин арттыруу максатында жасалат.

Бир караганда өтө чоң максат болуп көрүнүшү мүмкүн. Бир жылдын ичинде айтылгандарды толук ишке ашыруу кыйын, бирок коюлган максаттардын пайдубалын ушул 2014-жылы түптөп алуу керек. Бийликтин коррупция менен күрөшүп жана башка аракеттерди жасоо менен жалпы жарандардын ишенимине арзый турган мезгили жетти.