ЖККУнун баш катчысы Бордюжа Кыргызстанга келди

Бордюжа президент А.Атамбаев менен жолукту. ЖККУ баш катчысынын сапары Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара маселеси курчуп турган учурган учурга туш келүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бордюжа президент А.Атамбаев менен жолукту. ЖККУ баш катчысынын сапары Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара маселеси курчуп турган учурган учурга туш келүүдө.
Published

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга иш сапары учурунда бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара маселелерин талкуулоодо.

Президент А.Атамбаевдин аппараты тараткан маалыматка караганда, Бордюжа кыргыз лидери менен болгон жолугушуусу учурунда Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык коопсуздукту чыңдоо жана ЖККУ мейкиндигинде туруктуулукту камсыз кылуу боюнча маселелери козголгон.

Апта башында Бордюжа Тажикстандын жетекчилери менен да жолуккан. ЖККУ баш катчысынын сапары Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара маселеси курчуп турган учурган учурга туш келүүдө.

11-январда Кыргызстандын Баткен аймагындагы Көк-Таш айылына жакын жерде тажик-кыргыз чек арачылары ортосунда атышуу орун алып, эки тараптан онго жакын киши жарадар болгон.

Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен карым-катышты бууган. Жаңжалга байланыштуу эки тарап буга чейин бир катар жолугушууларды өткөргөн, бирок сүйлөшүүлөрдүн мүнөзү бири-бирин айыптоо маанайынан чыга албай келет.

Серепчилер эки коңшу өлкөнүн чек ара маселелери абдан курч суроого айланганын белгилешип, мамилелерди ЖККУ сыяктуу ортомчу уюмдар гана жумшартышы мүмкүн деген пикирлерди айтышууда.