Жаныбек Бакиевге өмүр бою абак жазасы

- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныбек Бакиевди Жалал-Абаддагы райондук сот өмүр бою абак жазасына кести.
Башкы прокуратуранын басма сөз борбору тараткан маалыматка караганда, Сузак райондук соту чыгарган чечимде Жаныбек Бакиевге 2005-жылдын 24 мартында Улуттук банктын областтык кеңсесинен 22 миллион сом уурдаган жана 2010-жылы массалык башаламандык уюштурган деген айыптар тагылган.
Жаныбек Бакиев агасы Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турган учурда мамлекеттик коргоо кызматын жетектеп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири деп эсептелген. Ага Кыргызстандагы соттор мындан мурда дагы өмүр бою абак жазасын чыгарышкан эле, бирок, Бакиевдердин үй-бүлөсү чет өлкөдө баш калкалап жүргөндүктөн соттун өкүмүн аткаруу мүмкүн болбой келет.
Жаныбек Бакиевди көп жылдык же 18 жыл жана өмүр бою абак жазасына кесүү жөнүндө чечимди Жалал-Абаддагы Сузак райондук соту кабыл алган. Жогорку соттун өкүлү Айнура Токтошева бул процесс айыпталуучунун катышуусуз өткөнүн, башкача айтканда “тыштан кесүүнүн” себебин түшүндүрүүдө.

"Бакиевдер Кыргызстандан чыгып кетишкен. Ошондуктан, бул өкүм сырттан чыгып атат. Бирок алардын адвокатына угузулду. Документ күчүнө киргенден кийин башкы прокуратура Бакиевдерди чакыртып алууга мүмкүнчүлүк алат", - деди Токтошева.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы бул <link type="page"><caption> биринчи соттук иш эмес</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2013/03/130327_maxim_bakiev.shtml" platform="highweb"/></link>. 2013-жылдын 11-февралында Курманбек жана Жаныбек Бакиевдер Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун өкүмү менен үч адамдын, анын ичинде президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сыртынан соттолгон.
<link type="page"><caption> Курманбек Бакиев</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2013/06/130605_bakiev.shtml" platform="highweb"/></link>ге 24 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан. Жаныбек Бакиев үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Бирок, бул процесстерге, айрыкча адам укугун коргогон активисттер шектенүү менен карап келишет.
Алардын бири Качкын Болотовдун айтымында, Бакиевдер канча жолу соттолбосун, эл аралык коомчулук бул иштерди адилеттүү чечим катары кабыл алабы деген маселе турат.

"Андан тышкары, Бакиевдерге каршы козголгон иштер жана сот чечимдери аларды кармап келип, суракка алууга чейин эле жыйынтыкталып жатканы коомчулукту бул жөн гана саясий оюн эмеспи дегендей ойго салат", - дейт укук коргоочу.
Жаныбек Бакиев агасы өлкөнү жетектеп турган маалда мамлекеттик коргоо кызматын башкарып, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланган. Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев да бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, издөөдө жүрөт.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин бийликке келген жетекчилер Бакиевдерди кармап, жазага тартууга сөз беришкен эле. Бирок азырынча бул убадалар соттор тарабынан кабыл алынган документ түрүндө гана ишке ашууда.
Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.




























