Атамбаев Белорусияга барган жок

Published

Минскиде өтө турган КМШ өлкө башчыларынын жыйынына Алмазбек Атамбаевдин ордуна 1-вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев катышат. Президент эмне үчүн барбаганынын себеби айтылбайт.

Кыргыз өкмөтүнүн тараткан маалыматында 24-25-октябрда өтө турган бул жыйынга президенттин ордуна 1-вице-премьер бараары гана айтылган. Президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты тастыктап, бирок себебин түшүндүргөн жок.

Ушул жылдын май айында Бишкекте өткөн ЭККУ саммитине да Белорусия президенти Александр Лукашенко келген эмес. Эки өлкө ортосундагы мындай салкын мамиле Курманбек Бакиевге байланыштуу болушу мүмкүн деп болжошот серепчилер.