Ак үйгө эмес, аң-сезимге төңкөрүш жасайлы!

Акыркы беш-он жылдын ичинде кыргыз кыйырына «митинг», «пикет», «массалык нааразычылык», «жүрүш», «ачкачылык жарыялоо», «жол тосуу» түшүнүктөрү кеңири тарап, буларсыз турмуш агымы токтоп кала тургандай таасир калтырып калды.
Бир эмес, бир нече жолу жүрөк оорута турган, эң негизгиси эртеңки күнүбүздү чече турган окуяларды баштан кечирип, элибиздин биримдиги, Ата-Журтубуздун бүтүндүгү көздөн учуп турган ушул кезде буга чейин болуп өткөн окуялар кыргыз элине сабак гана болбостон, биримдиги, ынтымактуулугу жагынан башка өлкөлөргө үлгү болгудай деңгээлге жетиши керек эле.
Бөлүнүп-жарылбай бир мүдөөгө баш уруу үчүн бизге кайсы бир шарт-кырдаал керек боло турган болсо, анда март, апрель, июнь окуялары жетиштүү болчу. Тилекке каршы дагы эле бири-бирине каршы тукурмай, караламай, куугунтуктамай, акыры келип, ачык эле бөлүнүүгө алып келген учурдагы көрүнүштөр араң турган мамлекетибизди андан ары да алсыратып, дагы эмне болуп кетет деп күтүү позициясына өтүп алган көпчүлүктү карайлатып олтурат.
Мындай ажырымдын, бөлүнүп-жарылуунун аягы эмне алып келерин ойлобогондо да, буга чейинки ушул сыяктуу окуя-көрүнүштөр эмнеге алып келгенин эстен чыгарбайлы.
Элдик толкундоолордун башаты болгон март окуясынан бери адамдар канча жолу айбат көрсөтүп Ак үйгө ат салышты.

Мектеп директорунан тарта айыл башчы, айыл өкмөтү, район акими, губернатор, министр, анан өлкө башчысы жакпай калдыбы, ордун башкасы менен алмаштырып коюу кеп деле болбой калды. Бирок кайсы бир бийлик жетекчиси адилеттиктен тайып баратканда калыс сөзүн айталбай, кыйын кезеңди башынан кечирип жатканда колдон келген жардамын берүүгө жарабай кетирилген кемчиликтин баарын кош айтышкан жетекчиге жүктөп коюу кадыресе эле көрүнүш болуп калды.
Коомубуздун ушундай туңгуюкка кептелишине, жарык жол издеп жан далбастап жатканына бир гана мурда-кийин иштеп кеткен жетекчилер эмес, Ата-Журттун абасын жуткан ар бир жаран күнөөлүү.
Кезегинде караңгыда көз, капилеттен сөз таап айта албаган аталарыбыз, элдин эртеңки күнү менен эсептешпеген атка минерлер, перзентине тарбиясын бере албаган ата-энелер, балдардын жан дүйнөсүнө үрөн чачып, алар сиңире ала турган билим, тарбияны бере албаган мугалимдер күнөөлүү.
Биз жаңыча ой жүгүртүп, көз карашыбызды өзгөртмөйүнчө, канчалык революция жасабайлы майнап чыкпастыгы бир эмес, эки ирет далилденди. «Кандай болсоңор, ошого жараша башкарыласыңар» айтылат эмеспи. Демек, биз кандай болсок, биздин жетекчи, эл башчыларыбыз да ошондой болорун эстен чыгарбасак.
Биз ар башкабыз, бирок, баарыбызды бириктирип турган бир гана нерсе бар. Ал: Кыргызстан, анын бүлүнгүс бүтүндүгү, эч кимге бергис эгемендүүлүгү.
НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, журналист
kyrgyz@bbc.co.uk




























