Белбоо күрөш чемпиону автокырсыктан каза тапты

Кыргызстандын белгилүү спортчусу, белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпион Жанболот Осмонов Суусамыр-Талас жолундагы автокырсыктан каза тапты.
Аны менен бирге жубайы жана андан тышкары эки киши да мерт болгону айтылууда. Маалыматтарга караганда, 31 жаштагы спортсмен Daimler Chrysler унаасын айдап бара жатып, 30 метрлик жарга түшүп кеткен.
Осмонов жакында эле баш кошкон жубайы жана эки тууганы менен жолдо бара жатып, унааны башкара албай калган деген божомолдор бар.
Кыргызстан жол кырсыгынан каза тапкан адамдардын көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн тизмесине кирет. Соңку айлардагы ири автокырсыктарына ондогон кишилер жан берген.
Эми белгилүү спортчунун жол кырсыгынан каза табышы, жол коопсуздугу маселеси Кыргызстанда канчалык курч экенин дагы бир жолу далилдөөдө.
























