Аманбаев: Акыйкатчыга керектүү сапаттар менде бар

- Author, Кубат Касымбеков
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Омбудсмен аппаратына бир катар жаңылыктарды киргизем деп убада берүүдө. Ал Би-Би-Сиге маек куруп, алгач акыйкатчы кызматына киришип жаткандагы сезимдери менен бөлүштү.
Бакыт Аманбаев: Абдан чоң жоопкерчиликти сезип жатам. Себеби бул Кыргызстандагы адам укугун коргоо боюнча эң жогорку Конституциялык орган. Бул органга укуктары бузулган миңдеген жарандар кайрылып, жардам сурашат. Мына ушундай органдын жетекчилигине эл өкүлдөрү ишеним көрсөттү.
Би-Би-Си: Акыйкатчылыкка ат салышкандардын арасында адам укуктары багытында иштеп жүргөн укук коргоочулар да бар эле. Ошолордун арасынан депутаттар эмне үчүн сизди тандап алышты деп ойлойсуз?
Бакыт Аманбаев: Аны эми депутаттардан сураш керек го... 120 депутаттын 120 түрдүү көз карашы бар. Буга чейин бир айдын ичинде биздин программалык сөздөрүбүздү комитеттерде, фракцияларда, акыры палатада угушту. Анан өздөрүнүн пикири көз карашы калыптанды. Акырында добуш беришти. Уруш-талаш болуп, мыйзамсыз нерселер да аныкталды. Акырында чындык жеңип, менин талапкерлигимди колдоп беришти.
Би-Би-Си: Сиз 2010-жылы КСДП партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого катыштыңыз эле. Акыйкатчы болуп шайланып калышыңызга сиздин саясий көз караштарыңыз, азыркы саясий тартипке мамилеңиз таасирин тийгизген жокпу?
Бакыт Аманбаев: Андай болушу деле мүмкүн. Себеби мен жалпысынан Кыргызстанда соңку жылдарда жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү колдойм. Конституциялык реформалар багытында деле болушу мүмкүн.
Би-Би-Си: Сизди биз журналист катары билебиз. 2010-жылы ар кыл мамлекеттик кызматтарда да иштеп жүрдүңүз. Адам укуктары багытында жетишпеген тажрыйба болуп калса, аларды кантип толуктайсыз?
Бакыт Аманбаев: Азыр Акыйкатчы институтунда баш-аягы жетимиштен ашуун адам иштейт. Алардын көпчүлүгүнүн билими юридика багытында жана көбү укук коргоочулар. Экинчиден, мен азыр жетекчилик кызматка келдим. Негизинен жетекчилик кызматка терең билим, жетекчилик тажрыйба керек. Андай тажрыйба менде бар. Ошондой эле уюштуруучулук, менеджерлик сапат керек. Бул да менде бар.Андай укук коргоочулук зарыл боло турган болсо, аны тиешелүү адистер менен иштешип, бул жагынан менде маселе болбойт го деп ойлойм.

Би-Би-Си: Мына акыйкатчы кызматына киришип жатасыз? Пландарыңыз кандай? Сиз кандай жаңылык киргизе аласыз?
Бакыт Аманбаев: Мен буюрса, Акыйкатчы аппаратынын беш жылдык ишмердүүлүгүнө функционалдык анализ жүргүзөм. Анын жаман, жакшы жактарын аныктайм. Жакшы жактарын өнүктүрүп, жаман жактарына чекит коем.
Анан түзүмүн бир сыйра карап чыгам. Ашыкчалары болсо кыскартып, жетишпегендери болсо түзөм. Мындан тышкары ал жакта иштеген кызматкерлердин иш милдеттенмелерин толук тактап чыгып, талапты мурдагыдан күчөтөм.
Ошондой эле маалыматтык технологиялардын жетишкендиктерин колдонуп, арыз-муңдарды кабыл алууну, документ жүргүзүүнү электрондук тартипке өткөрөм.
Би-Би-Си: Кыргызстандагы адам укуктары өзгөчө 2010-жылдардагы окуялардан кийин дале эл аралык уюмдардын көңүл чордонунда турат. Сиз өлкөдөгү адам укуктарынын абалына кандай баа бересиз?
Бакыт Аманбаев: Мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр Кыргызстанда авторитардык жеке бийлик жок. Мурдагыдай жогору жактан басым жок. Сөз эркиндиги бар десек болот. Албетте, көптөгөн маселелер бар. Андай маселелердин баары бара-бара оңдолот.
Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.
Нурбек, Бишкектен: Ийгилик сизге! Сиз ди эл колдойт.




























