Эксперттик пикир

Кыргызстандагы ипотекалык кредиттердин жылдык үстөк пайызы 18-20%дын тегерегинде. Бул банктардын кредиттик портфели жогору болгон Европа өлкөлөрү түгүл, коңшу Казакстан жана Россияга салыштырмалуу дагы жогору.
Андрей Гойхман, Кыргызстандагы жеке банктардын биринин жетекчиси:
“Ипотека өңдүү узак мөөнөттүү долбоорлорго кирүүгө банктардын кызыкчылыгы жок. Эмне үчүн? Биринчиден ипотека кредиттөөнүн башка түрлөрүнө караганда аз кирешелүү. Экинчиден ипоткекалык кредит берүү үчүн банктардын узак мөөнөткө эсептелген каржы булагы болуш керек. Мындай каржы булак кыргызстандык банктарда жок. Жана дагы ипотека өтө опурталдуу. Анткени ипотека узак мөөнөткө берилет, ал эми бул убакыт ичинде карыж кризиси болуп кетиши мүмкүн же башка бир күтүлбөгөн жагдайлар болушу ыктымал. Россия менен Казакстанда деле ушундай эле жагдай. Бирок ал жакта өкмөт субъсидия кылат”
Би-Би-Си:Кыргыз рыногунда ипотекалык кредиттөөнүн мындан аркы өнүгүүсү кандай болушу мүмкүн?
Андрей Гойхман:
“Негизи бул тармактын өнүгүүсү, турак-жай куруу тармагына, деги эле жалпы экономиканын өнүгүүсүнө чоң түрткү болот. Андыктан ипотекалык кредиттөө системасы азыркы абалынан өзгөрүшү керек. Мисалга, биздин банк азыркыга салыштырмалуу үстөк пайыздарды 5-6%га түшүрүүгө белсенип жатат. Бул эми чоң өзгөрүү болот деп айтууга болбойт. Бирок биз дагы чыгашага иштей албайбыз”.
Би-Би-Си: Кыргызстандын шартында банктар ипотекалык кредиттөөнүн кайсыл коркунучтардын эске алат?
Андрей Гойхман:
“Өлкөдөгү саясий, экономикалык олку-солку кырдаалга карабастан, Кыргызстандын рыногу ипотекалык кредиттөө үчүн коопсузраак деп айтууга негиз бар. Анткени бул жерде элдер үйдү жашаш үчүн алат. Адам турак-жай алгандан кийин кандай гана шарт болбосун кредитти төгүүгө ашыгат. Муну кризис көрсөтпөдүбү. Албетте, европалык рынокту айтууга болбойт. Ал жакта рынок кайнап, элдер үчүнчү, төртүнчү турак-жайларын алышкан. Эгер ансыз дагы үч үйүң турса, төртүнчүсүнө көп кайгырбайсыңда. Ал эми эптеп бир үйгө жетсең, албетте кайдан болсо дагы таап төлөйсүн. Бул эки башка сигмент экени Россиянын мисалында көрүндү. Ал жактагылар үйдү инвестиция катары эмес, муктаждыктан улам жашаганы алышкан жана алар жанталашып төлөдү”.
Үстөк пайыздар түшөт деп күтүүгө болобу?

Азамат Аттокуров, экономикалык маселелер боюнча эксперт:
“Биринчиден, ипотекалык саясаты өз алдынча жүргүзүү Кыргызстандын бош акчасы жок. А түгүл өкмөт бул багытта биргелешкен долбоорду ишке ашыргуу адагы акчасы жок. Экинчиден Кыргызстан банк системасына инвестор тарта албайт жана бизде банк системасы өнүккөн эмес. Андыктан жакынкы келечекте ипотекалык кредиттөөнүн шарттары жумшарып, үстөк пайыздар он пайыздан ылдый түшөт деп күтүүгө болбойт”
Би-Би-Си: Банк системасынын өнүгүүсүнө эмне тоскоол болууда?
Азамат Аттокуров:
“Дүйнө өлкөлөрү кредиттик рейтингдерди алышат. Мисалга, инвестициялык климаты жагымдуу деген өлкөлөргө 3А деген рейтинг алса, кооптуу делген мамлекеттерге 3Д же 3С деген рейтингдер берилет. Кыргызстандын болсо кредиттик рейтинги жок. Андыктан биз автоматту түрдө кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирип калганбыз. Ошон үчүн биздин банк системасына акча салууга эч ким кызыктар эмес. Кыргызстандын кен байлыктарына көз арткан гана инвесторлор келет. Ал эми ушу тапта бизде иштеп аткан банктар болсо, өздөрүн болуп кетүүчү коркунучтардан алдын-алуу үчүн үстөк пайзыдарды жогорулатышат.”.
Би-Би-Си: Бул маселенин чечилиш жолдору кандай?
Азамат Аттокуров:
“Биринчиден кредиттик рейтинг алышыбыз керек. Бул үчүн биз ачык иш алып барып, инвестициялык климаты жакшыртышыбыз шарт. Анан эң негизгиси “акча тынчтыкты сүйөөрүн” унутпашыбыз керек!”.




























