BBC

BBC navigation

Токтогул ГЭСи толук кубатында иштей баштады

Соңку жаңыланышы: 4-январь, 2013 - 10:41 GMT

Токтогул ГЭСиндеги бузулган гидрогенератор оңдолуп бүттү. ГЭС кайрадан толук кубатында иштей баштады. Жаңы жылдын алдында аталган гидроэлектрстанциянын төрт генераторунун бирөө бузулуп, өлкөдө электр кубатын керектөөгө чектөө киргизилген эле.

Токтогул ГЭСи - Борбордук Азиядагы эң ири суу электр станция жана суу сактагыч.

Токтогул ГЭСиндеги бузулган генератор оңдолуп бүткөнүн Энергетика министрлигинен да, “Электр станциялары” компаниясынан да кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, ГЭСтин кубаттуулугу өзүнүн пландуу 1200 мегаватт көрсөткүчүндө иштей баштады. Электр кубатын керектөөгө коюлган чектөөлөр бүт республика боюнча алынды.

“Электр станциялары” мамлекеттик компаниясынын башкы директору Салайдин Авазовдун айтымында, ГЭСтеги бузулган генератор компаниянын өзүнүн күч-аракети менен оңдолду. Россиядагы генератор чыгарган заводдон жардам сураганда беш-алты ай убакыт кетмек экен.

Токтогул ГЭСи бүтүн Борбордук Азия боюнча эң ири гидроэлектрстанция жана суу сактагыч болуп саналат. Ал бүт республиканы электр кубаты менен эле камсыз кылбастан, Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстан үчүн кышы бою суу топтойт.

Жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат. Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд куб; плотинасынын бийиктиги 215 м.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.