BBC

BBC navigation

Мамлекеттик сырды билген министрлер ээн ооз болуп жатабы?

Соңку жаңыланышы: 10-декабрь, 2012 - 14:05 GMT

Кыргызстанда мамлекеттик жашыруун сырларды билүү укугу президент, премьер-министр, парламент спикери жана өкмөт мүчөлөрүнө берилген

Кыргызстанда министрлердин мамлекеттик сырларга ээ болуу болгон укугун чектөө демилгеси көтөрүлүүдө. Бул демилгени көтөргөн депутаттар, министрлер бат-бат алмашып жатканын, кызматтан кеткен чиновниктер жашыруун сырларды ачыктап жиберсе, өлкө коопсуздугуна коркунуч келет деген жүйөөсүн айтууда.

Азыркы мыйзам боюнча мамлекеттик сырларды президент, Жогорку Кеңеш төрагасы, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү билишет. Ал ортодо Кыргызстандын башкалардан каткан купуя сыры барбы деп суроо салгандар дагы жок эмес.


Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кызматына байланыштуу бир топ мамлекеттик сырларды билгенин жана аларды купуя кармаганын айтат.

"Бирок айрым жашыруун делген маалыматтарды интернеттен ачык эле таап алууга болот. Ошол эле учурда маанилүү маалыматтар дагы бар жана аларды купуя сактоо талап."

Аликбек Жекшенкулов


“Бирок айрым жашыруун делген маалыматтарды интернеттен ачык эле таап алууга болот. Ошол эле учурда маанилүү маалыматтар дагы бар жана аларды купуя сактоо талап. Бирок бул маалыматтардан министрлерди четтетип коюуга болбойт. Бул алардын иши үчүн керек”,-дейт Аликбек Жекшенкулов.

Мурдагы финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын шартында “мамлекеттик сыр” деген түшүнүк көп учурда коомчулуктан маалымат жашыруу максатында гана иштейт:

“Өкмөт өз токтому менен эл биле турган ачык маалыматтарды жашыруун деген категорияга киргизип койгон. Эгер эл ал маалыматтарды билбесе, кантип анализдеп, министрдин жакшы же жаман иштеп жатканына кантип баа берет?...”.

Айрым эксперттер Кыргызстан өтө эле ачык өлкө экенин айтып, мамлекеттик деңгээлдеги купуя сырлар бар экенин күмөн санашат. Керек болсо, айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнөн дагы көбүрөөк маалымат билиши мүмкүн экенин айтылат.

"Анын үстүнө глобализация, өнүккөн технология заманында Кыргызстан өңдүү кичинекей мамлекеттерде маанилүү маалыматтарды жашыруу дээрлик мүмкүн эмес. Ал аз келгенсип эки державанын аскер объектилери турат. Алар ар бир кадамды карап турушат"

Акылбек Жапаров

“Анын үстүнө глобализация, өнүккөн технология заманында Кыргызстан өңдүү кичинекей мамлекеттерде маанилүү маалыматтарды жашыруу дээрлик мүмкүн эмес. Ал аз келгенсип эки державанын аскер объектилери турат. Алар ар бир кадамды карап турушат”,-дейт Акылбек Жапаров.

Мамлекеттик жетекчилер мамлекеттик сырларды сактоо боюнча милдеттеме алат жана аны жарыялап жибере турган болсо кылмыш жообуна тартылат. Бул милдеттенме алар кызматтан кеткенден кийин дагы аткарылышы милдеттүү талап.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.