BBC

BBC navigation

А. Арзыматова: Кулов жаш баладай таарынган позицияда турат

Соңку жаңыланышы: 28-ноябрь, 2012 - 15:10 GMT

Саясий серепчи Арзыматова Айнура шайлоонун жыйынтыгы башкаруучу коалициянын ичиндеги фракциялардын ортосунда мамилени салкындатып, талаш-тартыштарга алып келген менен кырдаал коалициянын тарашына алып келет деп ойлобойт.

А. Койчиева: Шайлоодон чыккан нааразылык курчуп, парламент тарап кетиши мүмкүн деген кабатыр пикирлер айтыла баштады. Бул шайлоонун көрсөткүчү кыргыз демократиясынын иштеп жатканыбы же иштебей жатканын билдиреби?

А. Арзыматова: Бул кыргыз демократиясынын иштеп атканынын белгиси. Шайлоо өткөндөн кийин чыккан нааразылыктардан улам парламент тарайт деп ойлобойм. Бул шайлоодон кийинки кызуу кандуулук менен айтылган сөздөргө көбүрөөк окшойт. Азыр айтып атышат, Кулов коалициянын жетекчилигинен баш тартып жаткан менен аны фракциясындагылар тегиз колдобойт экен.

А. Койчиева: Демек, азыркы кырдаал парламенттин тарап кетишине алып келиши мүмкүн деген божомолдорго сиз кошулбайбсызбы?

А. Арзыматова: Жок, мен кошула албайм. Азыр Бишкектеги шайлоодон кийинки нааразылыктарды карасак, бул жерде Феликс Куловдун жаш баладай эле таарынган позициясы болуп атат. Бул киши мамлекеттик деңгээлде ойлонбой жатат.

А. Койчиева: Бул шайлоо Кыргызстандагы көп партиялуу системаны бекемдеди деп айтса болобу?

А. Арзыматова: Кыргызстанда партиялык системанын тажрыйбасы жок. Реалдуу партиялык система акыркы эки жылда эле бутуна тура баштады. Партиялык система дароо эле иштеп кетет деп айтпайт элем. Кыргыз коомунда партиялык система демократиянын белгиси, керек болсо фундаменти да. Кыргыздар көчмөн патриархалдык доордон индустриализациялык доорго өтүп келгенин эске алганда, бул процесс көп убакытты талап кылат.

А. Койчиева: Бул шайлоодо “Замандаш” партиясы өзүн мурдагыдан жакшы көрсөтө алды деп белгилеп жатышат. Мунун себеп сырларына кызыгып көрдүңүзбү?

А. Арзыматова: Менин оюмча салттуу партияларга элдин ишеним жоголуп баратат. Ошондуктан майда партиялардын ичинен ушул “Замандаш” партиясын да көрөлүкчү деген белги болду окшойт. Бишкекте шайлоочулардын 70 пайызы шайлоого барбай жатканы бийликтегилер терең ойлоно турган маселе деп ойлойм.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.