Кыргызстанда эки африкалык жаран шылуундук кылган деп кармалды
Кыргызстандык атуулдун 4000 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алдоо жолу менен алып, качып кетүүгө даярданып жатканы эки мейман учурда абак жайында кармалууда. Тергөө иштери аяктаган соң алардын ишин кайсы өлкөнүн соту каралаары белгилүү болот.
Дубай шаарына меймандап барган кыргызстандык атуул өзүн Авраам деп атаган ишкер менен таанышат. Ал бир катар инвестициялык долбоорлорун көрсөтүп экөө достошуп калат. Кийин Кыргызстанга келген соң ишкер досуна чакыруу жиберип, ал дагы бир досу менен Бишкекке келет. Көрсө эки африкалык ишкердин негизги бизнеси адамдарды алдоо экен. Актай баракты көрсөтүп, аны белгисиз суюктукка чылап, андан соң үтүктөп, айтор акыры доллар кылып чыгарат экен. Муну көргөн Кыргызстандык жаран 4 миң долларын берип көбөйтүп берүүнү өтүнгөн. Ал акчаны алган соң эки африкалык мейман изин жашырып кетет. Айласы кеткен Кыргызстандык атуул милицияга кайрылган.
-“Милиция кызматкерлер африкалык жарандар жашаган жерге барганда, алар билеттерин камдап качып кетүүгө даярданып жаткан экен, убагында колго түшүрүлдү. Бирөө Гвинея, экинчиси Камерондук жарандар экен”, - дейт ички иштер министрлигинин өкүлү эрнис Осмонбаев.
Эрнис Осмонбаевдин айтымында, актай кагаздан доллар жасайбыз деген шылуундар көп эле кездешет, адатта мындай ишмердүүлүк менен африкалык жарандар алектенет экен. 2000-жылдары да бир нече африкалык жаран шылуундук менен кармалып, коомчулукка кеңири эскертүү иштери жүргүзүлгөн.
-“Бирок, көп учурда адамдардын жок жерден акча жасап алуу ниети тобокелге барууга түртөт. Кагаздан акча жасап алуу мүмкүн эмес”, - дейт министрликтин өкүлү.
























