Жогорку Кеңеш өкмөттү күзгө чейин калтырабы?
Өкмөттү таратуу жөнүндөгү маселени кезексиз жыйында кароо керекпи же күзгө калабы, аны Жогорку Кеңештеги фракциялардын жетекчилери чечүүгө тийиш. Бул маселе депутаттардын үчтөн биринин добушу менен кезексиз жыйында каралышы мүмкүн. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
Өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндө 45 депутаттын колу коюлган катты төрагага “Ар-намыс” фракциясындагы депутат Каныбек Иманалиев депутаттар жайкы каникулга тарап кетер күнү тапшырган.
Бул маселени күн тартибине киргизүү адегенде комитеттерде каралышы керек, бирок парламент жайкы каникулга кетип жаткандыктан маселе күзгө калат. Анткен менен фракция жетекчилери акыркы сөздү айта элек, бул маселе күзгө калабы же кезексиз сессияда кароо керекпи, төрага азыр бул маселе боюнча алардын сунушун күтүп жатканын билдирди.
Асылбек Жээнбеков ошол эле учурда өкмөттүн ишине карата өзүнүн жеке баасын да айта кетти. Анын пикиринде өкмөттүн ишинин жыйынтыгы эл күткөн деңгээлде болбой жатат. Бирок ошол эл учурда өкмөттүн туруктуу иштеши да маанилүү маселе, дейт төрага.
Конституция боюнча парламент зарыл учурда жалпы депутаттардын үчтөн биринин добушу менен кезексиз сессия чакыра алат. Демек, эгер өкмөттү таратуу жөнүндө маселенин күзгө чейин каралашы барып келип эле депутаттардын өзүнүн колундагы маселе.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов депутаттар тарабынан айтылган сын-дооматтарга терикпей, өкмөттүн ишин натыйжалуу кылуу үчүн бардык аракет көрүлүүдө деп жооп кайтарууда. Соңку жолу парламентте премьер-министр "Кумтөр" алтын кени, "Мегаком" компаниясы сыяктуу талаш-талкуулар токтобой жаткан маселелер боюнча депутаттардын бир далай сын билдирүүлөрүнө жооп берген.
Өкмөткө ишеним көргөзбөө демилгеси башкаруучу коалициядагы “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларындагы депутаттардан чыгып жатканы айтылууда. Эмне үчүн мындай демилге башкаруучу коалициянын өзүнөн чыгып жатканынын себептери азыр ачыктап даана айтыла элек. Сыягы, өкмөт башчылыгына аталган фракциялар өздөрүнүн талапкерин камдап жатышкан болуу керек.
Ал эми оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясы башынан эле өкмөттү таратуу керек деген позицияда турганы элге белгилүү. “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери Камчыбек Ташиев ыңгайы келсе-келбесе да сөз тийген жерден эле өкмөттү тилдегени тилдеген.
Байкоочулардын баамында өкмөттүн иши натыйжалуу болбой жатканы, экономикалык өсүштүн жоктугу өкмөттү таратуу жөнүндөгү демилгенин көтөрүлүшүнө алып келүүдө. Бирок бул маселени чечүүдө Жогорку Кеңеш менен катар Президенттин дагы ролу чоң.
Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндө көпчүлүк добуш менен чечим кабыл ала алат. Ошондон кийин президент өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечимди кабыл алышы керек же Жогорку Кеңештин чечимине каршылыгын билдирет.




























