Казакстандагы мигранттар Бабановго үмүт артат
Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жыл башынан берки бул Казакстанга болгон экинчи иш сапары. Мындан улам кыргыз мигранттары алардын турмушун жеңилдеткен макулдаштыктар болуп калаар деген үмүттө турушат.
“Эң негизгиси Казакстандын эмгек рыногунда ишмердүүлүк жүргүзүгө расмий уруксат алуу маселеси алдыңкы планда. Учурда кандайдыр бир патент системасын киргизүү боюнча долбоор талкууланып жатат. Балким, жыл аягына чейин чечилип калат”, - дейт Астанадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Шавкат Исмаилов.
Казакстандагы кыргыз мигранттарынын басымдуу көпчүлүгү соода менен алектенишет. Бирок, соода кылганга уруксат жок болгондуктан көпчүлүк мигранттар ар кандай көмүскө жолдор менен иш алып барууга аргасыз. Жакында Казакстан сенатында бул маселе көтөрүлүп, кыргыз мигранттарына карата кандайдыр бир салык киргизүү сунушталган. Анткени, мигранттар мыйзамсыз жолдор менен соода кылганда мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт деген жүйө келтирилүүдө.

“Эгер бул мыйзам күчүнө кирип калса, мигранттарга жеңил болмок. Анткени, ансыз деле милицияга кармалган сайын акча бергенден көрө белгилүү бир салыкты төлөп коюп, ачык иш алып барганыбыз жакшы болмок”, - дейт Казакстанда иштеген Азиз Абакиров.
Кыргызстан менен Казакстан эгемен алгандан бери эки өлкө ортосунда жүз элүүдөй макулдаштыкка, ар кандай документтерге кол коюлган экен. Бирок, алардын көбү жеңил-желпи, мигранттардын турмушуна көп деле зарылчылыгы жок документтер дешет мигранттар. Эки өлкөнүн кызматташтыгына тиешелүү деңгэлде маани берилбей келе жаткандыктан кыргыз мигранттарынын укуктары корголбай жатканын айтат Кыргызстандын жаш ишкерлер ассоцациясынын жетекчиси Руслан Акматбек.
“Бул маселени бир сапар учурунда, же Казакстандан бирөө келгенде эле эмес, дайыма системалуу түрдө чечиш керек. Бизде өрт өчүргөндөй эле мамиле болуп жатат”, - Руслан Акматбек.
Ар кандай эсептер боюнча Казакстанда жүз миңге жакын кыргыз мигранттары эмгектенишет. Кыргызстандын жаш ишкерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, алар өткөн жылы Кыргызстанга жүз миллион доллар жөнөтүшкөн.
























