Сирия бийликтери Хуладагы кан төгүүлөргө көтөрүшчүлөрдү айыптады

Published

Хуладагы кан төгүүлөрдүн чоо-жайын иликтеген Сирия бийликтери бул окуядын жоопкерчилигин көтөрүшчүлөргө жүктөдү. Расмийлер сирия чатагына эл аралык күчтөрдүн кийлигишүүсүн шартоо үчүн көтөрүшчүлөр атайын чагым кылган деп ынандырууда.

Ошол эле учурда иликтөөнү жетектеген генерал Касем Джамаль Сулейман өткөн аптадагы кан төгүүлөргө өкмөттүн катыштыгын толугу менен четке какты:

“Өкмөттүк күчтөр кан төгүү болгон аймакка окуяга болгонго чейин дагы андан кийин дагы кирген эмес. Бул кан төгүүнүн курмандыктары куралчан топтор менен келишпеген, өкмөткө каршы тургусу келбеген тынч атуулдар болчу. Бул куралчан топтордун максаты кандай гана жол менен болбосун Сирияга чет элдик аскерлердин киришин шартоо болгон”, - деди генерал.

Ал ортодо сириялык активисттер өкмөттүн курладуу күчтөрү жүздөн ашуун кишинин өлүмүнө жоопкер деп жатышат.

Ал эми АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Сьюзан Райс өкмөттүк комиссиянын отчеттун “карандай калп” деди:

«Окуя ушундай өңүттө болгонун тасыктаган бир дагы факты жок. Керек болсо БУУнун байкоочуларынын көрсөтмөлөрү дагы жок», - деди Райс.

БУУнун байкоочулары дагы Хулада өкмөттүк күчтөр аракеттенгенин тастыктоодо.