Депутатка кырк уюмдан тыюу

Бейөкмөт уюмдар коомдук көзөмөл аркылуу парламенттин ишин жакшыруу аракетинде
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейөкмөт уюмдар коомдук көзөмөл аркылуу парламенттин ишин жакшыруу аракетинде
Published

Парламент өкмөттүн ишин, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп келсе, эми депутаттар өздөрү кандай мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алып жатканы, ишке канчада келип, канчада кеткенине чейин бейөкмөт уюмдарынын байкоосунда болмокчу.

Ондогон уюмдардын башын бириктирген союз коомдук пикир түзүү менен депутаттарды жакшы иштөөгө мажбурлайт деп эсептейт демилге ээлеринин бири Динара Ошурахунова.

“Бийлик жарандардын алдында жооптуу экени конституцияда жазылган, биз ошол укугузубду гана пайдаланып жатабыз. Депутаттар ошол жерде элдин кызыкчылыгын көздөп отурабы же жеке кызыкчылыгын коргоп жатабы? Экинчиден алар өзүлөрү кабыл алган регламентти бузуп келишет. Бирөөнүн ордуна добуш бере беришет, бул болбойт. Сессиянын башында 120 депутат болсо аягында отузу калат. Биз күчтүү депутат, күчтүү парламент болушуна жардам беребиз” –дейт Ошурахунова.

Мындай демилгеден бизнес коомчулугу да четте калган эмес. Алар да депутаттардын экономикалык чечимдерине коз салып турууну чечишкен. “Анткени, айрым учурларда парламенттин бир токтому менен бүтүндөй бир ишкана жабылып калууда, кээде мындай чечимдер мамлекеттин эмес, жеке депутаттардын пайдасына кабыл алынып жаткан учурлар да бар” - дейт экономикалык өнүгүү министрлигинин байкоочулар кеңешинин төрагасы Марс Черикчиев.

Эл өкүлдөрү жарандык коомдун демилгесин ар түрдүү кабыл алууда. Парламент кантип бирөөнүн көзөмөлүндө болсун деп баш чайкагандар да бар. Ар-Намыс фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу депутаттарды көзөмөлдөйлү деген бейөкмөтчүлөрдүн өзүлөрүн электен өткөрүш керек деп обдулууда. Бийлик деген эч качан көз каранды болбош керек деген жүйөсүн ортого салды депутат:

-“Бул бейөкмөт уюмдары акчаны кайдан алып атат, ошону такташ керек, аларга акчаны президенттин, депутаттын артынан түш деп берилген жок да. Андан көрө шайлоо учурунда эмне үчүн добуштар сатылып кетип жатат, эмне үчүн ошондой адамдар өтүп кетип жатат, ошондуктан шайлооочулар менен иштешпейби, бейөкмөт уюмдарына иш толтура да”.

Кыргыз парламентаризмин түптөгөндөрдүн бири депутат Өмүрбек Текебаев жарандык коомдун мындай демилгеси күтүлгөн нерсе болчу дейт. Анткени, “Кыргызстан багыт алган жаңы саясий система бийликтин үстүнөн коомдук көзөмөл орнотууга шарт түзөт” дейт ал.

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө демократия жана сөз эркиндигин, бейөкмөт уюмдарынын либерал иш-аракеттерин камсыз кылуу жагынан өзгөчөлөнгөн өлкө катары таанылды. Биринчилерден болуп парламенттик башкарууну тандап алды. Эми парламенттин үстүнөн коомдук көзөмөл орнотуу боюнча демилге да бул чөлкөм үчүн саамалык болууда.