Айсулууга ак жол каалап...

Айсулуу 19 жашта. Ал эгемен Кыргызстан тарыхында олимпиада оюндарына жолдомо алган биринчи балбан айым. Айсулуу спортчунун карьерасындагы негизги таймашка катуу даярдык көрүп жаткан кези.
Айсулуу буга чейин өзүн каратэ, баскетбол, бокс сыяктуу спорттун түрлөрүнөн да сынап көргөн. 3 жыл мурда күрөшкө келип, чыныгы ырахатты ушул жерден тапканын айтат.
“Азыр жашоом бүт бойдон эркин күрөш болуп калды. Кубанычым да, кайгым да, жыргалым да ушул жерде”, - дейт ал.

Нурбек Изабеков Айсулууну чоң спортко таптап келе жаткан машыктыруучу. Лондон олимпиадасы жаш спортчунун тушоосун кесип, Айсулуу келечекте Кыргызстандын куржунун алтын медаль менен толуктайт деген үмүтү чоң.
“Күрөштө айымдар менен иштешүү татаалыраак. Бардык эле аялдарга тиешелүү сапат Айсулууда да бар. Кээде таарынып, сүйлөбөй коет. Бирок, кандай тез таарынса, ошондой эле тез жазылып кеткендиктен жигердүү иштешип келе жатабыз”, - деп жылмаят Нурбек Изабеков.

Машыгуу үстүндө сүрдүү, качырганын кое бербеген Айсулу жигиттерге сыпайы-сылык мамиле кылганды жактырат. Бирок, ашынып кеткендери болсо айла жок күч колдонуп да коет экен. Айсулуу азыр техникалык университеттин 2-курсунда окуйт. Бирок, көргөн күнү спорт зал, машыгуу, мелдештер. Андыктан болочок жубайы өзүнө окшогон сопртчулардын арасынан издейт. Балбан кыз төрт балалуу болсом деп кыялданат. Эки кыз, эки уул.
-“Эгер алар күрөшкө кызыкса, эч качан тоскоол болбос элем. Мен өзүм да өз каалоом келгем”, - дейт Айсулуу.
Кыргызстандын спорт жагынан күрөш боюнча мүмкүнчүлүгү чоң экени айтылып жүрөт. Буга чейинки Пекин олимпиадасынан Канат Бегалиев күмүш медалга, Руслан Түмөнбаев коло медалга жетишкен эле. Эми Кыргызстандан биринчи жолу балбан айым алтын медалды көздөп Лондонго аттанганы турат.




























