Академик А. Айдаралиев: Кыргызстанда космосту ойлогон бийлик жок
Кыргызстандын окумуштуулары космостук изилдөө программаларына катышууга мурдатан тажрыйбасы жана даярдыгы бар экенине карабастан аларга өкмөт тарабынан такыр көңүл бурулбай келатат. Мурдагы совет доорунда эле кыргыз илимпоздору космостук программаларга катышып келген. Бишкекте космостук изилдөөлөрдү жүргүзгөн “Аалам” конструктордук борбору иштеген. Кыргызстан ошондой эле мурдакы советтик республикалардын ичинен Жердин орбитасында өзүнүн таяныч точкалары бар үч мамлекеттин бири болуп саналат. Бирок өлкөгө берилген ушундай уникалдуу мүмкүнчүлүк да эмне үчүндүр пайдаланылбай келатат. Кыргызстандын космосто кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экени жана алар эмне үчүн иштебей жаткан себептерине Эл аралык астронавтика академиясынын мүчөсү жана Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев Би-Би-Сиге берген маегинде токтолду.
- Өткөн жылы Кыргызстандын окумуштуулары эл аралык космостук изилдөө программаларына катышууга ниеттенип жатканы жөнүндө маалымат тарады эле. Ошол аракеттердин үзүр натыйжасы барбы?
- Мен Кипрде болгон кеңешмеге катышып, 98 өлкө кол койгон документти алып келип өкмөткө тапшыргам. Азыр анын эмне болуп жатканын билбейм, ачык айтканда. Бул менимче Өзгөчө кырдаалдар министрлигине керектүү программа болчу. Жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктардын алдын алуу, болжолдоо боюнча иштерди космостон жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү эле. Каражат деле кереги жок болчу. Бирок мен алып келген материал Физика институтуна берилген бойдон былк эте элек.
- Кыргызстандын окумуштууларынын космостук изилдөө программаларга катышууга кандай даярдыгы бар эле?
- Башынан айтсам, советтер союзунун убагында бул жерде космостук изилдөөлөр институтунун “Аалам” деп аталган конструктордук бюросу иштеген. Венерага чейин спутник жиберүүгө катышып, көп эле конструктордук иш жасаган. Экинчиден, Илимдер Академиясында машина куруу институту космосто пайдаланылган бургулоочу агрегаттарды чыгарууга катышкан. Үчүнчүдөн, космонавттарды даярдоо жагында да иштегенбиз. Менин лабораториям иштеп турганда космонавттар В. Аксенов, И. Волк, Муса Манаров, В. Поляков келип, Төө-Ашууда, Көлдө биз жылда изилдөө иштерин жүргүзчүбүз. Советтер Союзу кулагандан кийин бул иштер токтоп калды.
- Жердин орбитасында Кыргызстандын өзүнө таандык таяныч точкалары бар экени айтылды эле. Эмне үчүн ошол мүмкүнчүлүктү пайдалануу колго алынбай келатат?
- Биз да ошону айтып жатабыз. Кыргызстандын, Россиянын жана Армениянын гана точкалары бар. Кыргызстандын эки точкасы бар. Космосто бош орун жок, а бизде конкреттүү координатабыз бар. Ошол жерге спутникти жиберсек, телевидение, байланыш, интернетти дүркүрөп өнүктүрө алмакпыз. Мына Казакстанда Казкосмос деген бар, директору Талгат Мусабаев. Ал дагы эл аралык астронавтика академиясынын академиги. Экөөбүз жылда жолугуп сүйлөшөбүз. Ошондо мага Казакстанга бул точкалар керек, каражат бар, чогуу иштетели деп айткан. Эки-үч киши спутник учуруу маселесин иликтеп Москвага барып келгенбиз. Азыр спутник арзандап калды. Бир ракета менен беш-алты спутник жиберсе болот. Космостук системалар институнунун директору академик Меньшиковго барып, бизге бир жакшы спутник тандап бериңиз деп сүйлөшкөнбүз. Кыргызстандан эки-үч киши барып баштайлы деп кеңешип келгенбиз. Бирок анын баары токтоп калды. Россия дагы кызматташууга макул болуп жаткан.
- Эмне үчүн ушул маселеде такыр жылыш болбой жатат?
- Казакстанда “Казкосмос” деген бар чакан министрликке окшош мамлекеттик бирикме космосту изилдөөлөр боюнча иш жүргүзүүдө. А биздечи? Бир да министрлик космос менен иштебейт. Же агенттик жок, эч кимге эч бир кереги жок. Ошондуктан иштердин баары туруп калды. Жок дегенде президентте же премьерде космос боюнча бир кеңешчи болуш керек эле.
"Роскосмос" менен сүйлөшүп, ОКБ “Ааламдын” ишин жандандырсак болмок. Микросхема менен иштей турган инженерлер бар. Илимдер Академиясында деле потенциал бар. Мына мен өзүм 1977-жылы космостук авиациялык медицина боюнча докторлук ишти жактагам. Академиядагы тоо физиологиясы институтундагы Шаназаров космостук авиациялык медицина боюнча кандидат болду. Космостук изилдөөлөр боюнча көп эле иштегенбиз учурунда. Эми ошонун баары, тилекке каршы, токтоп турат.





























