Тергөө абагындагы айыпталуучулардын бири каза тапты

Published

Кыргызстандын акыйкатчысы бул адам кечээ күнкү жаңжал учурунда ур-токмокко алынганын айтып, ошонун кесепетинен каза тапканын билдирди. Бирок жазаларды аткаруу башкармалыгы айыпталуучу баңги затына ууланып өлдү деген маалымат таратты.

Кече күнү Бишкектеги №1 тергөө абагында жаңжал чыгып, анда бир нече түрмө кызматкерлери менен айыпталуучулар жарат алган эле. Жаңжал тергөө абагындагы эки айыпталуучуну башка абак жайга которуудан келип чыккан.

Кыргызстандын акыйкатчысы айыпталуучулар түрмө кызматкерлери ур-токмокко алганын айтып, бир топ катуу жарат алганын билдирген эле.

Жаза аткаруу башкармалыгы болсо жаңжалдын чыгышына катардагы тинтүү иштери себеп болгонун айтып, бул окуяны криминал менен мыйзамдын тиреши деп баалаган.

Бул окуяны көз карандысыз комиссия иликтей турган болду. Жаңы жыл алдында да ушул абакта козголоң чыгып, абактагылар нааразылык иретинде ачкачылык жарыялашкан болчу.