Таза сот тандоо - татаал иш

- Author, Кубат Чекиров
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
- Published
Сотторду тандоо кеңешинин жаңы төрагасы Шамарал Майчиев жарандык коомдун нааразылыгын азайтуу аракетин көрүүдө. Аталган кеңештин ишин коомчулук үчүн ачык-айкын жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн алты жумушчу топ иш алып бара турган болду.
Бир жумушчу топ ММК, бейөкмөт эмес уюмдар жана мамлекеттик органдар менен иш алып барат. Аталган кеңештин ишине буга чейин жарандык уюмдар менен жакшы иштебей жатат деген кине коюлуп келгени ушинтип эске алынууда. Ошондой эле арыз-даттанууларды кароо, сынактарды өткөрүү, укуктук камсыз кылуу, уюштуруу иштери жана окуу борбору менен иштөө боюнча жумушчу топтор түзүлдү.
Мурда кеңештин мүчөлөрү бардык маселелерди жалпы отуруп талкуулап чечип жатышкан. Эми маселелер негизинен жумушчу топтордо каралып, такталып, жалпы жыйынга даяр чечимдер жана сунуштар чыгарылат.
Шамарал Майчиев сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп 25-августта шайланган. Мурдакы төрага Замирбек Базарбеков сотторду тандоодо протекцияга жол берди деген негизде жарандык коомго жаманатты болуп, акыры Жогорку Кеңештин кысымы астында кызматынан кетти.
Сот кызматына таза адамдарды тандоо системасын өркүндөтүү үчүн түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши бир ай аралыгында Жогорку Соттун судьясы кызматына жыйырма тогуз талапкерди, Конституциялык палатанын судьясы кызматына он бир талапкерди тандап, президенттин жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген. Президент Роза Отунбаева сынактан өткөн талапкерлердин көпчүлүгүн билим жана кесиптик деңгээли сот болууга жарабайт деген негизде кайтарып берген. Сотторду тандоо кеңеши жакын арадагы жыйынында президенттин каршылыгын карап чыгышы керек.

Президент талапкерлердин арасында соттун милдеттери менен функциясын жөндөп билбегендери кездешет деген кине койгон. Ошол эле учурда коомчулукка жаманатты болуп, артынан арыз-доомат ээрчиген адамдар сот кызматына коюлбашы керек деген талаптар жарандык уюмдар тарабынан байма-бай жаңырууда. Мурда жаманатты болгон таза эмес адамдарды сот кызматына жолотпоону талап кылган нааразылык акциялары Бишкекте күчөп баратат.
Сотторду тандоо процесси баштан аяк жарандык уюмдардын нааразылыгы менен коштолду. Жарандык активисттер сотторду тандоо мыйзамдык эрежелерди бузуу менен өттү жана элге жаманатты болгон адамдардын талапкерлиги өтүп кетти деп сын-доомат коюшууда.
Кыргызстанда сотторго эл ичинде ишеним эчак түгөнгөн. Жең ичинен пара алып же бийликтин буйругун аткарган соттордун айынан бүтүндөй сот системасы жаманатты болуп бүткөн. Ошондуктан бир жыл мурда апрель окуяларында бийликке келген күчтөр сот системасын тазалап, реформа кылуунун биринчи кезектеги милдет кылып койгон.




























