"Свет-aке" тасмасы Европада

Published

Улуу Британияда кыргыз киносунун дагы бир урунттуу окуясы оорун алууда. Бул жолу - Актан Арым Кубаттын "Свет-aке" тасмасы кеңири кинотеатрларга жана дисктерге чыгарылууда.

Бул тасма Батыш аудиториясына кандай таасир калтырат? Автордун өзү кандай максатты көздөгөн? Ушул суроолордун тегерегинде түз эфир учурунда талкуу жүрдү.

Ага - "Свет-aке" тасмасын тарткан кинорежиссёр Актан Арым Кубат жана Би-Би-Синин жазуучусу Хамид Исмайлов катышты.