Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы

Күйүүчү май тартыштыгы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күйүүчү май тартыштыгы
    • Author, Назгүл Коңурбаева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда күйүүчү май тартыш болуп, Бишкек шаарындагы май күйүүчү бекеттер бензинди 10-15 литрден чектеп сатууга өттү.

Соңку апта ичинде Кыргызстанда жогорку сапаттагы бензиндин таңсыктыгы байкалып, айрым айдоочулар күйүүчү майды алдын ала камдап алууга өтүштү. Нефттрейдерлер ассоциациясы бүгүндөн тарта бекеттерде күйүүчү майга чектөө киргизүүгө аргасыз болду.

Бишкекте бензин автоунааларга10-15 литрден чектелип берилүүдө.

Таңсыңктык негизинен Бишкек шаарында байкалууда. Ошондой эле чектөөлөр Баткен аймагына дагы киргизилди.

Ал эми Ысык-Көлдөгү турсезонду үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ал жактагы май куйуучу бекеттер бензиндин баардык түрү боюнча запасы менен камсыздалганын Нефттрейдерлер ассоциациясы жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди.

Ж. Акенеев күйүүчү май тартыштыгын Орусия тараптын экспортту чектегени менен түшүндүрүүдө.

“16 күндөн бери Омскидеги нефть заводдон бизге бензин келбей калды. Алар мурда бизге айына 6-7 миң тонна жөнөтүп турчу. Анткени Орусиянын өзүндө тартыштык болуп жатат.

Анан Казакстан дагы кайрылуу жасады, жогорку сапаттагы күйүүчү майлоочу майды бажы союзунун чек арасынан сыртка чыгарбоо боюнча. Бирок биз көз карандысыз заводдор менен сүйлөшүп жатабыз.

Азыр жаңы келишимдер түзүлүүдө, 10 күндүн ичинде 93, 95 үлгүдөгү бензиндин 10 тоннасы келет”.

Кыргызстан күйүүчү майды дээрлик толугу менен Орусиядан сатып алат. Мындан улам Орусия рыногундагы кырдаал Кыргызстанга түздөн-түз таасир берет.

Буга чейин дагы Орусия тарап өзүндөгү тартыштыктан улам бир катар чектөөлөрдү киргизип, айрыкча жазгы талаачылык иштери кызып турган маалда өлкөдө күйүүчү май таңсыктыгы орун алган учурлар болгон.

Бул экономикалык көз карандылык керектүү учурда саясий таасирлүү курал катары пайдаланылганы дагы айтылып жүрөт.