Президент БШКны кынтыксыз шайлоого чакырууда

- Author, Кубат Чекиров
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
- Published
8-июлда кезексиз сессияга чогулуп жаткан Жогорку Кеңешти Президент Роза Отунбаева Борбордук Шайлоо Комиссиясын шайлоодо кеткен укуктук катачылыктарды жоюуга чакырууда.
Президент Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго жөнөткөн расмий катында укуктук чаташуулар чечилбесе анын арты бүтпөгөн соттук процесстерге айланып, шайлоонун жыйынтыгына шек туудурат деп эскертти.
Президент олуттуу тынчсыздануу жараткан үч маселени бөлүп көрсөтүүдө.
Биринчиси, БШКнын курамынын бир бөлүгү 1997-жылдагы мыйзам менен, дагы бир бөлүгү ушул жылы 30-июнда кабыл алынган мыйзам менен шайланып калганын, БШКнын курамына президент көрсөткөн талапкерлер менен парламенттин талапкерлерине добуш берүү эки башка жол-жобо менен жүргүзүлгөнүн жана Боршайкомдун жаңы мүчөлөрү толук эмес курамда иштеп жатканы Конституцияга карама каршы келерин белгилеген.
Мамлекет башчы бул талаштуу жагдайлар шайлоонун бүтпөгөн соттук процесстерге айланып кетишине алпара турган чыр-чатактуу жол экенин эскертүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президенттин кайрылуусунда көрсөтүлгөн укуктук кемчиликтер суу кечпей турган сын доомат деп каршы болууда.
"Борбордук шайлоо комиссиясы курамынын үчтөн экиси шайланса иштей бергенге укугу бар деп мыйзамда жана Конституцияда жазылып турат. Он экиси шайланмайынча иштей албайт деген болбогон сөз. Эртең мыйзам өзгөрүп кетсе жаңы келген талапкерлер ошол кийинки мыйзам менен шайлана берет. Бир мыйзам жокко чыгарылса, жаңы мыйзам ишке кирет. Жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейинки шайланган БШК мүчөлөрүнө анын эч кандай таасири тийбейт", - деди Би-Би-Сиге Өмүрбек Текебаев.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. Жогорку Кенеш 30-июнда акыркы жыйынында шайлоо өтө турган күндү белгилеп, шайлоо комиссиялары жөнүндөгү жана президент менен жогорку кеңешти шайлоо жөнүндөгү эки маанилүү жаңы мыйзамды шашылыш кабыл алган.
БШКнын сегиз мүчөсү парламент мурдакы мыйзамдын негизинде шайлап, президент көрсөткөн төрт талапкердин экөөн жаңы мыйзам боюнча шайлап, экөөн кулатып койгон. БШКнын жаңы курамы 4-июлда толук эмес курамда ишке киришкен.
Бирок БШКнын жаңы курамы эки башка мыйзам менен шайланып келген үчүн жана курамы толук болбогон үчүн анын легитимдүүлүгү талаш-тартышты пайда кылууда. Жогорку Кеңеш эртеңки кезексиз жыйынында президенттин каршы пикирлерин карап чечим кабыл алмакчы.




























