Көчмөндөр оюндарына даярдык: курулуштар сүрөттөрдө

Published

Көчмөндөр оюндарына бир айга жетпеген убакыт калганы менен Ысык-Көлдө курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Уюштуруучулардын сөзүнө таянсак, Чолпон-Атада курулуп жаткан ипподромго он миң адам батат.

Архитектура жана курулуш агенттиги курулуш иштери 15-августка чейин аяктайт деп ишендирет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архитектура жана курулуш агенттиги курулуш иштери 15-августка чейин аяктайт деп ишендирет.
Ипподром 10 миң адамга ылайыкташтырылган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ипподром 10 миң адамга ылайыкташтырылган.
Планга ылайык, ипподромдун асты гүлгө толот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Планга ылайык, ипподромдун асты гүлгө толот.
Курулуш иштеринде 900дөн ашуун адам үч нөөмөт менен эмгектенүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курулуш иштеринде 900дөн ашуун адам үч нөөмөт менен эмгектенүүдө.
Катышуучу малекеттердин желектери үчүн түркүктөр.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катышуучу малекеттердин желектери үчүн түркүктөр.
Унаа жана жол министрлиги 104 чакырым жолдун 35 чакырымы оюндардын башталышына чейин даяр болорун белгилейт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Унаа жана жол министрлиги 104 чакырым жолдун 35 чакырымы оюндардын башталышына чейин даяр болорун белгилейт.
Көчмөндөр оюндарына деп оңдолуп жаткан жолдун чаңы ушу тапта асманга сапырылып турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көчмөндөр оюндарына деп оңдолуп жаткан жолдун чаңы ушу тапта асманга сапырылып турат.