Луи Ван Гал "Юнайтедди" жетектеди

62 жаштагы Луи Ван Гал
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 62 жаштагы Луи Ван Гал
Published

Күндүн негизги спорт жаңылыктары

Футбол

Луи Ван Гал "Манчестер Юнайтеддин" жаңы теренери болуп бекитилди. 62 жаштагы Ван Гал Голландияны дүйнөлүк чемпионатка алып баргандан кийин жаңы ишине киришет.

"Юнайтеддин" убактылуу тренери Райан Гиггз Ван Галдын жардамчысы болот. "Манчестер Юнайтед" мурунку менеджери Девид Мойезди жумуштан алганда, Гиггз акыркы төрт оюнга убактылуу тренер катары коюлган.

"Арсенал"

"Арсенал" тогуз жылдан бери күткөн жеңишке жетти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Арсенал" тогуз жылдан бери күткөн жеңишке жетти

Жума аягында жеңишке жеткен "Арсенал" командасынын тренери Арсен Венгер жаңы контрактка кол коюсу күтүүлүүдө.

Тренердин айтымында, ал эмки айда Дүйнөлүк чемпионатка кетээрден мурун документтерге кол коёт. Венгер тогуз жылдан бери күткөн жеңишке жеткенден кийин, күйөрмандар команданын күчтүү жактарына басым кылат деп ишенеерин айтты.

Испан Лигасы

"Атлетико Мадрид" испан лигасын жеңип алды. Тренери Диего Симеон айткандай, "Атлетиконун" "Барселона" менен "Реал Мадридди" жеңиши клубдун тарыхындагы эң орчун окуялардын бири. Алтынчы күнү "Атлетико" Европалык Чемпиондор лигасынын финалында ойнойт.