Биз барктабаган баалуу мурастар

Published

Кыргызстандын чыгаан сүрөткери, Социалисттик Эмгектин Баатыры атактуу Гапар Айтиевдин үй-музейинин аянычтуу абалы тууралуу Би-Би-Си кыргыз кызматынын сайтындагы макала коомду кабатырланта турган көп суроолорду жаратып, орчундуу маселелерди козгоду ("Улуу сүрөтчүнүн ураган үйү". 28 февраль 2018-ж., http://www.bbc.com/kyrgyz/blog-43223065).

Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн азыркы абалы.

Ушул үйдө улуу инсан, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев жашагандыгы тууралуу жазуусу өчөйүн деп калган ташбелги көчө боюнда ээн, кароосуз калып, эми куламакчы болгон кичинекей эски жер там жетимсиреп, заӊгыраган, кечээ салынган көп кабат имараттардын ортосунда кысылып араң турат. Бир мезгилде ушул тамда орошон талант, эл-журттун сыймыгы, кыргыз искусствосунун залкары жашаган жана чыгармаларын жараткан, эми жараксыз кейпи бул дешке ооз батпайт, дит барбайт. Бирок, тилекке каршы, абал ушундай. Ооз учунан каап деп кейимиш этип тим болбой, чечүүгө тийиш маселелердин бири.

Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары флэшмобдун катышуучулары сымал Гапар Айтиевдин үй-музейине эл көзүнчө бир аз көңүл бөлгөн болуп, ал бала-бакырасынын менчиги экен, эмне кылса өздөрү билет, биз кийлигише албайбыз деген даяр жооп менен кутулбай, тереӊ, ар тараптуу талдап чечкенибиз туура жана зарыл. Алдын ала эле даяр жооп дегенибиз терс тажрыйбага негизделген. Мисалы, былтыр май айында Kloop.kg маалымат агенттигинин Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарындагы үй-музейин кейиштүү абалы боюнча суроосуна Маданият министрлиги менен Бишкек мэриясы экөө тең бул музейдин бизге тиешеси жок деген жоопту бериптир ("Дом-музей поэта Алыкула Осмонова может исчезнуть". 24 мая 2017 г, https://kloop.kg/blog/2017/05/24/dom-muzej-poeta-alykula-osmonova-mozhet-ischeznut/). Бул эмнеден кабар берет?

Биринчиден, Алыкул Осмонов менен Гапар Айтиевдин үй-музейлеринин кароосуз калышы өлкө боюнча тарыхый-маданий мурастарды сактоо, коргоо, барктоо, күтүү жана даӊазалоо проблемалары арбын экендигин билдирет. Эсеби жок этсоюз, ээси жок өлкөдөн бетер, баалуу маданий объектилерибиз эмдигиче кимге таандык экендиги белгисиз. Эсебин билген, тизмесин тактаган, алардын статусун аныктаган киши жоктой. Маданият эмес, күнүмдүк көртириликтен башы арылбаган, албуут жана аеосуз жашоодон күнүгө жеӊилип эси кайткан эл эстетикалык наркты, көркөм дөөлөттү унутуп бараткан чакта каяктагы музей кимди ойлонтмок эле. Анан акырындап тарыхый-маданий баалуулуктар унутулат, жоголот. Эч ким деле байкабай калат. Эгер байкап калган бирөө-жарымы ооз катса, аны ким укмак эле, көз ирмемге бир чурулдамыш этип дароо унутабыз, дагы бир шоу менен эл алаксып кетет. «Нарын» рестораны деп аталган имарат деле ар кандай айла-амал менен кароосуз калып, ээси табылбай, сатылып кеткен экен. Эми биротоло бузула турган болуптур. Коом бир-эки күн флэшмобго катышты да башка уюшма оюндарга тарап кетти. Тирүүсүндө баркын билбей, көзү өткөн соӊ кадырына жетпей калуу жаман адатыбыз биротоло бекемделе баштады окшойт. Туура, жаңы, көрктүү, мыкты имараттар салынсын. Бирок алар тарыхый, маданий жайлардын же баалуу жаратылыш объектилеринин эсебинен же аларга зыян келтирүү аркылуу эмес, шаарды кеңейтүү жана функционалдык мүмкүнчүлүгун жолу менен ишке ашса дурус болмокчу.

Азыр көрсөңөр, бул үйдүн сыртына илинген мемориалдык тактадагы сүрөттөр дагы өчүп баратыптыр. Үйдүн өзү каралбай калган.

Экинчиден, аталган көрүнүштөрдүн биздин турмуштун төрүнөн орун алышы жогорудагыдай тарыхый-маданий эстеликтерге жоопкерчиликтүү мамиле калыптана элек, саясат иштелип чыкпагандыгынан кабар берет. Эки улуу инсандыкын кеп кылдык, а буга окшогон канча тарыхый-маданий эстеликтер билинбей жоголду? Борбор шаарыбызда улуу инсандарга байланыштуу объектилердин абалы бул болсо, аймактардагы тарыхый жана маданий баалуу эстеликтердин ахыбалы кантти экен. Алардын абалы мындан да жаман окшобойбу, тереӊдебей эле түшүнүктүү болуп турат. Тиешелүү мамлекеттик органдар "жок, андай эмес, Кыргызстанда археологиялык, архитектуралык, тарыхый жана маданий баалуу объектилер так аныкталган, тизмеси аныкталган, эсеби бар, каталогго киргизилген, коргоого алынган, мамлекет аларды дайыма көзөмөлдөп, даңазалап, карап турат, баары жайында" десе жакшы. Анда ак чөп башта, айткан сөзүбүздү артка алабыз.

Биздин мамлекет тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча 1972-жылы Парижде кабыл алынган эл аралык Конвенцияга 1995-жылы парламенттин токтому менен кошулган. Тиешелүү милдеттенмелерди алган. Мисалы, Конвенциянын 5-статьясында Конвенцияга кошулган ар бир мамлекет тарыхый-маданий мурастарды аныктоо, сактоо, коргоо, калыбына келтирүү жана даӊазалоо боюнча жетиштүү юридикалык, административдик, финансылык, илимий-техникалык чараларды көрүүгө милдеттүү экендиги белгиленген. Кошулаарын кошулуптурбуз, а милдеттенмелерибиз кантти, же көнгөн адатыбызча көрүнгөн шылтоону айтып, далайга, мурастарыбыз биротоло тышка сүрүлүп калганча сүйрөлөбүзбү?

Россияда белгилүү окумуштуулардын, маданият ишмерлеринин үй-музейлери мамлекеттик коргоого алынган. Алардын айрымдары менчик экендигине карабай мамлекеттин көзөмөлүндө. Жашаганды койдук, бир мезгилде келип кеткен экен деп кадимкидей барктап, баалашат. Пушкиндин, Лермонтовдун, Суриковдун ж.б.у.с. ишмерлердин жүргөн жерлерине саякат деген программасы бар. Жылыга уюштурушат. Андай жайларды кароосуз калтыруу орустардын оюна келбептир. Миллионерлердин саны боюнча Россия дүйнөдө алдыӊкы беш мамлекеттин бири, бирок орус олигархтары атактуу жазуучунун же сүрөтчүнүн үй-музейин тартып алып, бузуп, анын ордуна имарат салмак тургай, кайсы бир баалуу деп эсепке алынган тарыхый мурас объектисинин жанына ага архитектуралык, моралдык же техногендик зыян келтирген имарат курганы угула элек. Болсо бул интернет заманында эбак билинет эле. Туура, реставрацияга муктаж объектилер аларда да кездешет, бирок тигил же бул тарыхый жана маданий баалуу жайга мамлекеттин тиешеси жок деген жоопту бир да чиновниги айтпайт. Россияда үй-музейлердин баары менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик каттоого алынган, алардын ар бирине коргоо грамотасы берилген жана музейлердин жана тарыхый-маданий эстеликтердин бирдиктүү картасына киргизилген. Ал карта орусуна да, чет мамлекеттен келген туристине да ачык. Кызыккандар ошол картаны пайдаланат, элге ошол карталар сунушталат.

Италияда миңдеген үй-музейлердин ар бири мамлекеттин коргоосунда жана көзөмөлүндө. Капитализм, жеке менчик мамилеси бизден көп кылым мурда орногон Италияда бул өлкөнүн даӊазалуу сүрөткери тургай, орус жазуучусу И.С. Тургенев 1840-жылы жана 1857-жылы келген кездеринде жашап кеткен үйлөрү же мейманкалары менчигинин түрүнө карабай мамлекет көзөмөлдөгөн объект болуп эсептелет. Анткени мамлекет да, демек эл да, барктайт, баалайт жана эрки, кубаты жетет. Италияда «Көркөм жана чыгармачылык баалуу предметтер жана объектилерди сактоо жөнүндө» мыйзам 1939-жылы, фашизм күчөй баштаганда (!) кабыл алынган. Бул мыйзам улам өркүндөп отуруп, 1990-жылы көркөм, маданий мурастардын жана тарыхый эстеликтердин каталогу жана аларды сактоо боюнча чаралар тууралуу дагы бир мыйзам кабыл алынат. Ошол каталогго ылайык, Италиядагы маданий мурастардын 60% жеке менчик болсо да, мамлекеттин көзөмөлүндө. Маданий жана тарыхый мурастын ээси мамлекет. Мамлекеттин уруксатысыз эч бир жаран жети атасынан бери мурастап келе жаткан менчик оокатын каалагандай пайдалана албайт.

Швейцарияда Альпы тоосунун бир бурчунда айтылуу аскер башчысы маршал А. Суворов бир түнөп кеткен үй эмдигиче музей катары сакталып турат. Ал бир швейцариялыктын менчиги. Бирок аны бузганга менчик швейцариялыктын колу барбайт, мамлекет жол бербейт. Ушундай - кыска, так эреже, жоопкерчиликтүү мамиле, бийик маданият.

Англиянын тажрыйбасы андан да кызык. Тээ Викториан доорунан (1894-жыл) бери «Улуттук камкордук» («National Trast») коомдук фонду Англиядагы тарыхый-маданий мурастарды сактоого, изилдөөгө, реставрациялоого жана даӊазалоого жардам берип келет. Бул уюмдун карамагында 565 млн акр кооз жер, 300 тарыхый эстелик, 45 миӊ археологиялык объект, 200 илимий жайлар бар. "Улуттук камкордук" уюмуна маданий объектилердин кожоюндары мүлкүн сактоого, пайдаланууга сата алат, белек кылат же башкарууга бере алат. Өз кезегинде бул уюм Британия кабинетинин макулдугу менен объектилерди максаттуу пайдаланат: реставрациялайт, даңазалайт, ошол жайларда илимий, интеллектуалдык жана маданий иш чараларды уюштурат. Трасттын каражаты арбын, башкасын айтпаганда да бул уюм ар жылы 20 млн фунт акчаны айыл жериндеги ландшафты коргоого жумшайт. Ал эми уюмдун маданий объектилерге жумшалган каражаттар мындан алда канча көп. Британия өкмөтү Пол Маккартни менен Джон Леннондун Ливерпулдагы үйлөрүн баалуу маданий мурас катары коргоого алган, а Улуттук траст керектүү иштерди каржылап турат.

Чет мамлекеттерде тарыхъый-маданий мурастарды каттоо, эсепке алуу, коргоо жана пайдалануунун эӊ сонун тажрыйбаларыжетиштүү. Демек биздин мамлекеттин алдында да мурастарбызга карата унуткарбай чечүүгө тийиш маселелер турат. Ал тарых алдында да, келечек алдында да, эл аралык коомчулук алдында да биз эч кайда качпай турган, эч нерсеге шылтай албаган жоопкерчилик жана милдет.

Алмаз Окин

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.