Лукашенко абактагы 100дөн ашык активистти жана оппозиция лидерин бошотту

Сүрөттүн булагы, t.me/hochu_zhyt
Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШнын санкцияларынын бир бөлүгүн жокко чыгаруу макулдашуусуна ылайык, 23 адамга, анын ичинде 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Мария Колесниковага ырайым кылды. Бошотулгандардын арасында укук коргоочу жана 2022-жылдагы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий жана президенттикке мурдагы талапкер Виктор Бабарико бар. Алардын бардыгы 2020-жылдардын башында узак мөөнөттөргө кесилген.
Бул жолку жана мурдараак ырайым кылуунун натыйжасында Беларус оппозициясынын, укук коргоочулардын жана көз карандысыз басма сөздүн дээрлик бардык негизги өкүлдөрү түрмөдөн чыгышты. Бошотулгандардын көбү дароо Беларустан депортацияланган.
Украинанын Аскер туткундары менен иштөө боюнча Координациялык штабы билдиргендей, Александр Лукашенко ырайым кылган 114 адам Украинага келген.
"Весна" укук коргоо борбору Украинага өткөрүлүп берилгендердин арасында Колесникова менен Бабарико бар экенин билдирди. Алар бири-бири менен жолугушту.
Ишемби күнү кечинде Украинанын "Хочу жить" долбоору Украинага өткөрүлүп берилген Беларустун 109 жаранынын ысымдарын жарыялады (калган бешөө Украинанын жарандары).
Би-Би-Синин кабарчысы билдиргендей, "Весна" укук коргоо борборунун башчысы жана жамааттык Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкийди жана дагы үчүнчү өлкөнүн сегиз жаранын Беларус Литвага өткөрүп берди.
Адатта, ырайым кылынган саясий туткундарды Беларус менен Литванын чек арасына алып келишет, мисалы, 2025-жылдын жайында жана күзүндө президенттикке мурдагы талапкерлер Сергей Тихановский менен Николай Статкевич бошотулганда да ушундай болгон.
Беларус жана АКШ Лукашенко Беларустун негизги экспорттук товарларынын бири болгон калий жер семирткичтерин өндүргөн "Беларуськалий" компаниясына каршы санкциялар алынгандыгына жооп катары туткундарга ырайым кылганын жарыялашты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Президент Трамптын тапшырмасы менен биз, Кошмо Штаттар, поташтан [калий карбонатынан] санкцияларды алабыз", — деди Трамптын Минскиде Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн атайын чабарманы Жон Коул журналисттерге.
Лукашенконун басма сөз кызматы туткундар "Трамп менен жетишилген келишимдердин алкагында жана анын өтүнүчү боюнча, Беларустун калий тармагына каршы мыйзамсыз санкциялар алынгандыгына байланыштуу" бошотулганын билдирди.
Биринчи болуп Колесникова эркиндикке чыкты. 2020-жылдагы президенттик шайлоодо ал Бабариконун шайлоо штабын жетектеген, добуш берүүдөн кийин нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири болгон.
"Колесникова, албетте, баарына ысык салам айтып жатат. Жана ал Американын президентинин администрациясына жана президенттин өзүнө бул бошотуу үчүн ыраазычылык билдирет", — деди Бабариконун командасынын басма сөз катчысы Глеб Германчук Би-Би-Сиге.
"Бул, айталы, саясий туткундарды бошотууга жана андан кийин депортациялоого Беларус режими жана бүтүндөй Беларус экономикасы үчүн өтө маанилүү болгон "Беларуськалий" компаниясынан санкцияларды алуу себеп болду", — деп кошумчалады ал.
"Менимче, бул адилеттүү баа", — деди Колесникованын эжеси Татьяна Хомич Би-Би-Сиге туткундарды бошотуу санкцияларды алууга арзыйбы деген суроого жооп берип.
Колесникова "улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган аракеттерге чакырык таштоо, экстремисттик топ түзүү, бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу" беренелери менен 11 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
2022-жылдагы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий да эркиндикке чыкты. Укук коргоочу төрт жарым жыл түрмөдө отурду. 2023-жылы ал салык төлөөдөн качуу жана "коомдук тартипти одоно бузган" акцияларды уюштуруу жана каржылоо беренелери боюнча 10 жылга кесилген.
2020-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон банкир Виктор Бабарико да бошотулду. Ал 2021-жылы пара алуу айыбы менен 14 жылга эркинен ажыратылган. Банкирдин уулу Эдуард Бабарико дагы эле түрмөдө.
Ырайым кылынгандардын тизмесине адабиятчы жана саясат таануучу Александр Федута, TUT.BY басылмасынын башкы редактору Марина Золотова жана адвокат Максим Знак да кирди.
Жалпысынан ишемби күнү Лукашенко 123 туткунга ырайым кылды. Анын басма сөз кызматы алар тыңчылык, террордук жана экстремисттик аракеттери үчүн соттолгон адамдар экенин билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ырайым кылынгандардын арасында беш украин жараны бар экенин ырастады.
Беларустун "Наша Нива" басылмасынын маалыматы боюнча, Польшанын жараны Роман Галуза, Австралиянын жараны Александр Сырица, Латвиянын жараны Анна Сакаленко, Жапониянын жараны Наканиси Масатоси жана АКШнын жараны Натали Белская эркиндикке чыкты.
Польшанын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, тизмеде беларус жана польшалык журналист Андрей Почобут жок.
Ноябрдын аягынан бери Лукашенко жалпысынан 156 адамга, анын ичинде Улуу Британия, АКШ, Литва, Украина, Австралия жана Жапониянын жарандарына ырайым кылды.
Буга чейин, ушундай эле сүйлөшүүлөрдөн кийин, июнь жана сентябрь айларында Лукашенко ондогон беларус саясий туткундарын, анын ичинде оппозициянын ветераны Николай Статкевичти жана президенттикке мурдагы талапкер Сергей Тихановскийди бошоткон.





























