Жапаров: Аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетти

ено
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент элдик курултайда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу керектигин айтты
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан төртүнчү элдик курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, зордук-зомбулук маселесине токтолду. Ал аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратканын билдирди.

"Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор. Бирок бул биздин коом үчүн жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдар жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы бир жолу айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоого каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек", - деди Садыр Жапаров.

Жибектин өмүрүн алган каргашалуу окуя

аптиа
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жибек Урустемова

2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлдү. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган. Шектүү окуя болгон үйдөн камакка алынды.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Жибек күйөөсү тарабынан көп жылдар бою системалуу түрдө зомбулук көрүп келген. Эки ай мурун катуу токмок жегенден кийин милицияга арыз жазып, коргоо ордерин алган. Окуя болгон күнү сотто ажырашуу маселеси каралып, Жибек күйөөсү менен жарашуудан так кесе баш тарткан. Бирок сот жараяны февраль айына жылдырылган. Шектүү ошол эле күнү аялды үйүнө алып барып, тапанча менен аткан.

Маркумдун сиңдиси окуя болор алдында "102" кызматына бир нече жолу чалып, эжесинин өмүрүнө коркунуч келип жатканын, күйөөсүндө курал бар экенин айтып жардам сураган. Жакындарынын пикиринде, эгер милиция кызматкерлери чакырууга эртерээк келишсе, өлүмдүн алдын алууга мүмкүн болмок деген ойдо. Шаардык милиция чакыруу саат 21:00дө түшүп, ыкчам топ 21:45те барганын билдирген.

Жибек Урустемованын артында үч баласы калды (эң кичүүлөрү 2-3-класстын окуучулары). Улуу баласынын айтымында, апасы ипотека төлөп, үй-бүлөнү жалгыз багып келген. Ал адвокат болууну жана Жапонияга барып сакуранын гүлдөгөнүн көрүүнү кыялданып жүргөн.

Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында эле 16 миңден ашык зомбулук учуру катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 31%га көп. Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө катары рейтингдерде калууда.